Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

МИНСК:ОППОЗИЦИЯ ДЕМОНСТРАЦИЯ ӨТКӨРСӨ, МИЛИЦИЯ ОПЕРАЦИЯ БАШТАШЫ МҮМКҮН


Белорус оппозициясы ушул жуманын этегинде Минскиде массалык демонстрация өткөргөнү жатат. Үч күндөн бери Октябрь аянтында нааразылык акциясында тургандарга кечээ кечинде жүздөгөн адамдар кошулду, бирок алтүндө аянтта эки жүздөй киши калды. Оппозициянын тарапкерлери президенттик шайлоо кайра өткөрүлүшүн талап кылышууда. Ошол эле учурда аянтты митингчилерден тазалаганы милиция операция өткөргөнү жатат деген аңырт кептер да айтыла баштады.

Кечээ аянттагы митингчилерге европалык он бир өлкөнүн, анын ичинде Британиянын,Германиянын,Франциянын, Чехия менен Латвиянын элчилери келип кетишти. “Биз, элчилер, буерге келген себебибиз, граждандык эркиндиктердин сакталышына жана демократиялык процесстин өнүгүшүнө ишенебиз. Эркин пикир айтуу укугу - бу процесстин ажырагыс бөлүгү, бул укук Белоруссияда басмырланып жатат. Бу жерде тиги же бу маселени талкуулоо, ой бөлүшүү мүмкүн эмес, атүгүл өзүң каалагандай добуш да бере албайсың. Мунун баарын биз түшүнөбүз жана белорус элине колдоо билдиребиз”,- деп айтты британ элчиси Брайан Беннет.

Оппозициянын маалыматтарына караганда, милиция жекшембиден бери жүздөн ашуун адамды кармап кетти. Көпчүлүгүн он –он беш күндүк абакка отургузушту. Алардын арасында Бириккен жарандар партиясынын лидери Анатолий Лебедько, россиялык үч киши жана башкалар бар. Польша парламентинин депутаты Ярослав Ягелло да кармалды. Мындан тышкары айрым ата-энелер уул-кыздарын жоктоп, издей башташты. Шаардык аялдардын бири чоң уулун кечээ милиция токмоктоп салганын, түнү бою мурдунан кан токтобой акканын, экинчисин болсо ар жакка телефон чалып,милиция мекемелерине барып,таппай жүргөнүн айтып берди.

Октябрь аянтына кирчү көчөлөрдүн баарын милициянын атайын отряддары ээлеп турушат. Бирок алар аянттагы митингчилерге азырынча ыкыс кылыша элек. Бийликтер, кыязы, марттын чыкыроон суугунда оппозициянын тарапкерлери аянтта көпкө тура албайт деп эсептешет окшойт. Байкоочулар белорус милициясынын бу жолку “момундугун” бери эле дегенде ушуга жоруп жатышат. Ошол эле учурда акцияда тургандар арасында атайын отряддар аянтка жапырык жасашы мүмкүн деген да кайбат-каңшаар тарады. Юлия аттуу аял ошондой операция болот деген чочулоо бар экенин, милиция адамдарды бириндетип кармап кетип жатканын айтты.”Бирок биз бу жерде турабыз жана күрөшөбүз”, - дейт ал.

Юрий аттуу жигиттин айтымында, милиция кызматкерлери митингчилерге жакында көкөңөрдү көрөсүңөр деп кесенип жатыптыр. Оппозиция массалык демонстрациясын 25-мартка пландаса, милиция операциясын 24-мартта башташы мүмкүн, дейт Юрий.

XS
SM
MD
LG