Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

УКРАИНА: ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР КАЙРА БИРИГЕТ


Алдыдагы жекшембиде – 26-мартта Украинада парламенттик шайлоо болот. Айрым божомолдордо шайлоодон соң президент Виктор Ющенконун саясий блогу Виктор Янукович жетектеген региондор партиясы менен коалиция түзүшү мүмкүн экени айтылып жаткан эле. Бирок муну Ющенконун “Биздин Украина” блогунун шайлоо өнөктүгүнө жетекчилик кылып жаткандардын бири Роман Цварич төгүнгө чыгарды.

“Биздин Украина” менен Региондор партиясынын ортосунда коалиция түзүлбөй тургандыгын Роман Цварич “Азаттыктын” кабарчысы Асколд Крушелнискиге берген интервьюсунда ырастады. “Биздин идеологиябыз менен саясатыбызда терең айрыма бар,андыктан кескин келишпеген мындай көз караштардын мунасасы мүмкүн эмес”, деп айтты ал. Януковичтин партиясы менен саясий союз түзүү, Цваричтин айтымында, “Биздин Украина” үчүн өзүн-өзү өлтүргөнгө тете болмок. Мындайда президенттин партиясы шайлоочулардын 40 процентин оппозицияга тарттырып жибермек.

Цваричтин айтымында, коалиция ыңкылапчыл күчтөрдүн базасында гана куралат. Бул коалиция президенттин программаларын илгерилетүү, ыңкылаптын тарапкерлери, калк алдында берилген убадаларды аткаруу, мындан эки жыл мурда башталган процесстин өтөсүнө чыгуу багытында иштейт. Цварич жекшемби күнкү шайлоо революциячыл күчтөрдүн, Ющенконун президент болушуна колдоо көрсөткөндөрдүн, тарыхка “Майдан” деген ат менен кирген окуяны уюштургандардын жеңишин тастыктоого тийиш деп эсептейт.

Региондор партиясы шайлоодо биринчи орунду ээлеши мүмкүн экенин жокко чыгарбай, Цварич баары бир алар парламенттик коалиция түзө албасын, алардын талапкери – Януковичпи,Азаров же Ахметов болобу – эч кимиси премьер-министр боло албасын бөркүндөй көрөт.

Цварич 26-мартта Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенконун эки блогу парламентте көпчүлүктү түзгөнгө жетиштүү добуш аларына ишенет. Анын ишеними акталабы-жокпу, алдыдагы жекшемби көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG