Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

ЖЕКШЕМБИ КҮНҮ УКРАИНАДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Жекшемби күнү Украинада парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Ага 45 партия катышып жатканы менен, негизги күрөш үч саясий күч ортосунда болот.

Шайлоонун биринчи өзгөчөлүгү - шайлоодон кийин Украина парламенттик мамлекетке айланууга тийиш. Парламенттеги көпчүлүк орундарды утуп алган партия өкмөт түзүүгө укук алат жана ал өкмөт бир топ кеңири укуктарга ээ болот, анын ишине президент көп кийлигише албай калат. Экинчи өзгөчөлүк деп бул шайлоодогу жеңишке - 2004-жылдагы президенттик шайлоодо утулган Виктор Януковичтин партиясы жетиши мүмкүн экендигинде.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолор көрсөткөнгө караганда, Януковичтин "Региондор партиясы" добуштардын 30 пайызын чогултушу мүмкүн. Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун блогу жана президент Виктор Ющенконун "Менин Украинам" деген партиялары ар бири ондон жыйырмага чейин пайыз добушка ээ болот деп күтүлүүдө. Ющенконун партиясынын тизмесинде биринчи орунга азыркы премьер-министр Юрий Ехануровдун ысмы жазылган.

Эксперттердин айтымында, Тимошенконун блогу менен Ющенконун партиясы экөө биригип 50 пайыздан ашык добуш чогултса, алар өкмөттүк коалиция түзүшү мүмкүн. Эгер алар чогулткан добуштар 50 пайызга жетпей калса, анда Ющенконун партиясы Януковичтин партиясы менен кызматташууга аргасыз болот, анткени Тимошенконун айтымында, эч кандай шартта анын партиясы Янукович менен кызматташпайт:

"Биздин турумдар бир-бирине төп келишпейт. Мен жетектеген саясий блок - кылмышкерлер менен кландарды өкмөткө эч кандай шартта жолотпош керек деген турумда. Виктор Янукович жетектеген 'Региондор партиясы' болсо ошондой кландардын кызыкчылыгын коргойт жана алардын максаты - өкмөткө кирип, өз байлыгын арттыруу. Ошондуктан Юлия Тимошенконун блогу менен 'Региондор партиясы 'ортосунда кызматташуу таптакыр мүмкүн эмес", - дейт Тимошенко.

Ошондуктан, эксперттердин пикиринде, 2004-жылы президенттик үчүн атаандашып, душманга айланган Ющенко менен Янукович ортосунда стабилдүү коалиция пайда болушу мүмкүн. Бирок чындап эле ошондой коалиция түзүлсө, өкмөт башында азыркы премьер Юрий Ехануров да калышы ыктымал. Анын өзүнүн айтымында, алар азыр өз кызматында калаарына ишенишет:

"Биз өкмөт ишин алып кете ала турган адистербиз. Былтыр биз бир топ ката кетирип, такшалдык жана баа жеткис тажрыйбага ээ болдук. Ошондуктан башка бир саясий күчкө өкмөт башкаруу ишин тапшыруу - акылга сыйбаган нерсе," - дейт Ехануров.

Эксперттердин пикиринде, эгер премьерликке Тимошенко келсе, ал өкмөт популисттик өкмөт болот.

XS
SM
MD
LG