Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР ЫҢКЫЛАПТЫН БИР ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕР МЕНЕН БЕЛГИЛЕШТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Россияда жүргөн кыргыздар, кыргызстандыктар март ыңкылабынын бир жылдыгын спорттук мелдештер менен белгилешти.

Алардын арасында 2005-жылкы 24 мартта көз жарган ыңкылапты Кыргыздын тарыхындагы бурулуш деп эсептечү жаран табылбады. Ошол эле учурда ыңкылапты такыр эле жериген да маанайдагы жаран жок экени байкалат. Маскөөдөгү «Кыргыз биримдиги» коомчулугунун мүчөсү Абдыганы Шакировдун байкашынча азыркы бийлик үчүн дагы кыйла убакыт керек, ошондон соң андан жарандар көөнү калат же ага ишеними артат:

«Негизинен айтканда, азыркы бийликке каршы чыккан элдин саны көп эмес. Албетте көпчүлүгү айтып атат: «Эмне өзгөрүп кетти? Эмне жакшы жагына кетти?». Мунун көпчүлүгү орусияда жашап атпайбы. Орусияда саясат, экономика кантип өнүгүп атышын кечинде үйгө келгенде көрүшөт. Өнүгүү үчүн эмне керек, ошону түшүнгөндөнбү, билбеймин, бизге азырынча азыркы бийликти кулаталы же азыркы бийликти өзгөртүп салалы деген ой азырынча бизде жок», - дейт маскөөдө жашаган кыргыздар биримдигинин өкүлү.

Андан соң Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине суроо узатып, ыңкылаптын бир жылдыгын белгилөө болобу жокпу? аны билүүгө ашыктык. Бизге жооп берген элчинин биринчи орун басары Райымкул Аттокуров айтканга караганда, бүгүн мааракени 12-13 команда болуп кыргызстандыктар спорттук мелдеш өткөрүп тосуп атышыптыр:

Кабарчы: «Райымкул мырза, ыңкылаптын бир жылдыгына карата иштер болобу, оюн тамаша же жыйналыш?»

Райымкул Аттокуров: «Чакан мааракелерди уюштуруп атабыз. Бул жерде окуган студенттер, аспиранттар, докторанттар жана курулушта иштеген кыргыздардын арасында спорт мааракесин өткөрүп атабыз. Футбол жагынан, шахмат жагынан», - дейт Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин биринчи орун басары.

Кийинчерээкте мен билген аспиранттар менен телефондошсом алар да мааракеге барыша тургандыгын айтышты:

Кабарчы: «Бүгүн маскөөдөгү башка кыргыздар менен да сүйлөштүм, алар кыргыздар арасында футбол боюнча беттешүү болот дейт сиздер барасыздарбы, алардын ичинде же жоксуздарбы?»

Аспирант: «Ооба, биз да барбыз!» , - дейт ал.

Бери дегенде жүздөн ашуун студент катышкан кыргызстандык командаларга диаспоралык кыргыздар, элчиликтеги кыргыздар, курулушта иштеген кыргыздар командалары каршы турушат экен.

XS
SM
MD
LG