Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

МАЙРАМДЫН ТУШООСУ КЕСИЛДИ


24-мартта Бишкектеги Горький аянтында «Арнамыс» партиясынын демилгеси менен элдик революциянын бир жылдыгы белгиленди.

А.Акаев бийлиги тушунда көздөн далдоо Горький аянты нааразылык билдирүүгө чыккандардын жыйын өткөрчү жери болчу. Элдик ыңкылаптан кийин ээнсиреп калган аянтка бул күнү «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү, ага жан тарткандар арбын чогулду. Орустун кара жумушчуларынын сүймөнчүк калемгеринин айкелинин алдында 24-марттан кийинки Бакиев - Кулов саясий мунасасын чагылдырган сүрөттөр илиниптир. Анын жанынан элдик революциянын активдүү катышуучусу Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыковду кепке тарттык.

- Революциянын жакшы бир пайдасы – Ф.Куловдун бoштондукка чыкканы. Биз ошого келип тилектештигибизди билдирип жатабыз.

Белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов ыңкылапты эл жасаганы менен, көпчүлүк койгон талаптардын кыйласы аткарылбай, мурдагы бийликти кийинкиси жоопкерчиликке тартпай жатат деген пикирде. Ошон үчүн Орусияга барып алып мурдагы президент элге, жаңы бийликке көөнү аянбай сүртүүдө дейт.

- Азыркы бийлик мурдагы бийликтин кылган кылмыштарын ашкерелебей, бардыгын эл алдында жумшак болсо да жаза бербей жатат. Азыр К.Бакиевдин тегерегине бүт А.Акаевдин кишилери чогулуп алды. Биринчи вице-премьер-министр. Отурабы? Отурат! Ушулардын баарын азыркы бийлик колдоп, коргоп жатпайбы. Кайра төңкөрүш болушу мүмкүн. Анткен себеби А.Акаев өзүн «ангелмин» деп сезип жатпайбы. Периште.

Экс-депутат Болот Байкожоевдин ырасташынча, бийлик өзүнө карата айтылган сын пикирлерди угуп, жыйынтык чыгарып, ортодогу байланышты бекем кармап туруш керек.

- Мына ошону бийликтер бүгүнкү күндө унутуп жатат. А.Акаев да унутуп аткан. К.Бакиев да унутуп жатат. Эми азыр карасаң бүт тегеректин баарын милиция менен курчап коюптур. Анан кайсы майрам? Аскер хунтасындай өзүнүн элинен коркуп жатышын кандай түшүнсөк болот?

«Арнамыс» партиясынын демилгеси менен уюшулган иш-чарага партия жетекчиси Феликс Кулов катышкан жок. Өкмөт башчы Горький аянтына келип калса көйгөйүн дагы бир жолу ага айтууга келишкен «Рентон групп» компаниясына акчасын алдаткан аманатчылар да бул ирет куркол кайтышты.

«Арнамыс» партиясынын жетекчи орунбасары Эмил Алиев элдик ыңкылаптын бир жылдыгын, Ф.Куловдун боштондукка чыккан күнүн белгилөөнүн жөнжайын партиялаштарынын кезектеги иш-чарасы катары түшүндүрдү.

- Башыбыздан кандай күндөр өткөнүн эстейли дедик. Өткөндү айтып берели дедик. Көптөн бери көрүшпөй калган сагынычыбызды таратып дегендей… Сүйлөшүп алалы деп чакырган болчубуз.

Бишкектин борбордук аянттарында оюн-зооктор бул күнү арбын уюштурулду. Кезектеги майрамдын шаанисин өз демилгелүү өнөрпоздор менен спорт ышкыбоздору чыгарып, майрамдык салтанат уланды.

XS
SM
MD
LG