Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МАРТ ЫҢКЫЛАБЫ – ГЕОСАЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН НАТЫЙЖАСЫБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек «Кыргызстандагы 2005-жылдын март айындагы мамлекеттик төңкөрүш» аттуу китеп өткөн жылы Александр Князевдин авторлугунда жарыкка чыккан. Аталган басылма коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Март окуяларын элдик революция деп эсептегендер автордун көз карашын четке кагышууда. Бирок, Александр Князевдин март окуяларына байланыштуу пикирин жактагандар да бар.

Китептин автору Александр Князев 24-марттагы окуяларды бийликке карата оппозицияда турган топ тарабынан калктын бир бөлүгүнүн нааразылыгын пайдалануу менен уюштурулган мамлекеттик төңкөрүш катары сыпаттайт. Анын көз карашында Кыргызстанда бийлик алмашышынын объективдүү себептеринин бири АКШнын, Орусиянын, Кытайдын жана белгилүү деңгээлде ислам дүйнөсүнүн ага болгон геосаясий кызыкчылыктарына байланыштуу болду. Автор экс-президент Аскар Акаевдин Кыргызстандагы бийлик алмаштыруу АКШ тарабынан даярдалды деген көз карашына кошулат жана Кошмо Штаттардын Кыргызстанда жеке геосаясиий кызыкчылыктары бар деп эсептейт.

«Эгерде АКШнын Кыргызстандагы ички саясий жараяндарга тынымсыз кийлигишүүсү болбосо, оппозиция төңкөрүш жасай алмак эмес, ал эми Акаевдин администрациясы бийликте кала бермек. Албетте, эң башкы себеп элдин өзгөчө коррупциянын өнүгүшүнө карата нааразылыгы болду. Бирок, мындай нааразылык бир жыл, эки, үч жыл мурда да орун алган да», - деп жазылган китепте. Автордун пикиринде март окуяларында өлкөдөгү криминалдык чөйрөнүн күчтөрү да пайдаланылган:

«Башкы кыймылдаткыч күчтөр катары биринчиден, алданган эл болду. Аларга дайыма баардык жаман көрүнүштөргө Акаев, анын үй-бүлөсү, режим күнөлүү деп түшундурүлүп келген. Ошондой эле бул окуяга бийликке таарынычта болгон чиновниктер, бейөкмөт уюмдар жана албетте, криминалдык чөйрөнүн күчтөрү да пайдаланылды».

Ал эми март ыңкылабынын башында турган лидерлер, анын катышуучулары, март ыңкылабына башка өлкөлөрдүн тиешеси жок, аны Кыргызстан эли жасады деп эсептейт.

«24-мартта кыргыздар өлкөдө жашаган башка элдер менен бирге тарыхта биринчи жолу бүткүл дүйнөгө өз тагдырын өзү чечкен, башка улуу элдердин жардамы жок эле өз үйүндө тартип орното аларын далилдеди. 24-марттагы окуяны Элдик революция деп тааныйбыз. Анткени, анын кыйымылдаткыч күчү эл болду»,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров.

Ишкер Борис Воробьев Александр Князевдин авторлугундагы китептин 30 пайызы экс-президент Аскар Акаев тарабынан жазылган деп маалымдады:

«Менде бул китептин 30 пайзына жакынын Аскар Акаев жазган деген маалыматтар бар. Ал ага Барвихада китептин тезистерин берген. Бул китепти жазууга Осмонакун Ибраимов катышкан эмеспи деген күмөн да бар».

Ал эми Александр Князев мындай маалыматты төгүнгө чыгарып, бирок, аны жазууда Москвада экс-президент Акаев менен жолугушуп турганын ырастады:

«Акаев менен мен конкреттүү маселелер боюнча гана сүйлөшкөнмүн. Мен андан 24-мартка байланыштуу айрым маселелерге карата баасын берүүнү өтүнгөмүн. Ал эми китепти Акаев жазган деп айтуу негизсиз», - деди Александр Князев.

Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да Князевдин авторлугундагы китепке анын тиешеси бар деген маалыматты четке какты.

Айрым саясатчылар, коомчулук бир бөлүгү да өткөн жылдын 24-мартында ыңклап эмес, төңкөрүш болду деп эсептейт. Ал эми жакында «2005-жылдын 24-марты –Элдик революция» деген аталыштагы жыйнак жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG