Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

МИНСК: МИЛИЦИЯ ОППОЗИЦИЯНЫН ЖЫЙЫНЫН КУУП ТАРКАТТЫ


Минскиде милиция оппозициянын тарапкерлерин кууп таркатты. Айрым маалыматтарда 200-300дөй киши кармалганы айтылууда, бирок алардын так саны тууралуу бийликтер маалымат берише элек. Оппозициянын лидерлери милициянын операциясын бийликтердин кудуретсиздиги катары баалашты.Дүйнөлүк коомчулук Минскини кескин айыптоодо. Евросоюз Белоруссияга санкцияларды жарыялоо тууралуу чечим кабыл алды.

Милициянын жогорку даражалуу чиновниги ырастагандай, операция жума күнү таңкы саат үчтө башталып, он беш мүнөттө аяктады. Атайын күчтөрдүн кызматкерлери митингде тургандарды автобустарга мажбурлап отургузуп,баарын милициянын абактарына жеткиришти. Ушуну менен революция бүттү, деп айтты милициянын чиновниги.

“Азаттыктын” аналитиги Ян Максимлюктун маалыматтарына караганда, баары болуп болжолдо 200-300дөй киши кармалды.Бийликтер алардын көбүн он-он беш күнгө абакка отургузганы жатат.

Президент Лукашенконун ушундай кадамга барары баарына белгилүү эле. Бирок ал чет элдик байкоочулар менен журналисттердин Минскиден кетишин күтүп турган сыяктанат.

Шайлоодо оппозициядан президенттикке талапкер болгон Александр Милинкевичтин айтымында, бийлик коом менен сүйлөшүү дегенди дегеле билбей турганын дагы бир жолу далилдеп көрсөттү. Милинкевич бу бийликтин келечеги жок деп ишенет, анткени азыркы дүйнөдө күчкө салып коом куруу кыйын,азыркы заман он сегизинчи кылым эмес, Белоруссия болсо Александр Лукашенконун падышачылыгы эмес. Оппозициянын дагы бир лидери Александр Козулин жаңы мезгилдин келгенине күбө болгонун, жаштар анык каармандыгын көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Евросоюздун ушу таптагы төргасы Австрия белорус бийликтерин кармалган демонстранттардын баарын токтоосуз бошотууну талап кылды. Бийликтердин бу кадамы шайлоонун натыйжалары чындап эле бурмаланганына далил болду, деп билдирди Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник. Брюсселдеги жыйында Евросоюздун өкүлдөрү белорус жетекчилерине каршы жаңы санкцияларды жарыялоону чечишти. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да оппозициянын тарапкерлерин куугунтуктоону токтотууну талап кылды. АКШ белорус бийликтерин адам укуктарынын эң жөнөкөй эрежелерин одоно бузганы үчүн айыптады.

Белорус оппозициясы ишемби күнү массалык демонстрация өткөрүүнү белгилеген эле.

XS
SM
MD
LG