Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

БАТКЕНДЕ ЭЛДИК ЫҢКЫЛАПТЫН БИР ЖЫЛДЫК МАЙРАМЫ ӨТӨ ЧОҢ ПРОГРАММА МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ

Баткенде 24-март ыңкылап күнү чоң салтанат менен белгиленди. Бул майрамга карша чыккандар да болду.

Баткенде 24-март элдик ыңкылап майрамын чоң салтанат менен белгилешти. Баткенде элдик ыңкылаптын бир жылдык майрамы өтө чоң программа менен белгиленди. Майрамдын салтанаттуу бөлүгүнө чейин борбордук аянтта жеңил атлетика боюнча мелдеш жүрүп, ага мекеме-ишканалардын жана окуу жайларынын студенттери катышып, өз ара күч сынашты. Ал эми ыңкылаптын бир жылдык салтанаты борбордук стадиондо өтүп, аны Баткен шаарынын башчысы Саитибрагим Сейтказиев ачып, куттуктоо үчүн сөздү облус губернатору Султан Айжигитовго берди. Губернатор өз сөзүндө облус элин элдик революция күнү менен куттуктап, 25-март күнү Кызылкыя цемент заводунун курулушу баштала турганын кошумчалады:

- 25-марттан баштап Кызылкыя цемент заводунун курулушу башталат жана Өзбекстандын анклавдарын айланып өтүчү Пүлгөн – Бүргөндү автожолунун курулушу да жакын арада башталат.

Андан ары куттуктоо сөздөрүн алышкан "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын өкүлдөрү жана революциянын активдүү катышуучулары, элдик бийликти орнотууда ыңкылапчыларга эски бийлик тарабынан кысым болгонун, бирок ага карабай зор эрдик, мээнет жасалганын айтышты.

Майрамдын салтанаттуу бөлүгүнөн соң, аскердик парад, облустагы ишкана мекемелер жана ыңкылапчылар салтанаттуу демонстрациядан өтүштү.

Парад аяктагандан кийин театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа кезекти алып, көрүүчүлөр үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ыңкылаптын катышуучуларына ысык тамак уюштурулду.

24-мартты майрамдоого каршыбыз. Бул революция эмес деген адамдар да арбын. Алардын бири Тургунбай Нышанбаев өз оюн төмөнкүчө баяндады:

- 24-марттан баштап жаңыча сиcтема иштеп, жаңы адамдар келет деп адамдар күткөн, ал үмүттөрү ишке ашпай эле мурдагы мыйзамдар, мурдагыдай эле иштер болуп жатат. Жөн эле бийлик алмашуу болуп жатпайбы. Анан биз эмнебизге майрамдап жатабыз, ошол эле Акаев кетип, элдин баары жыргап калган жерибиз жок ко, - деди Баткен шаарынын тургуну Тургунбай Нишанбаев.
XS
SM
MD
LG