Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

ЖЕРОМ БУЙЖУ:«ЧЕГАРА ЧАТАКТАРЫ ЧОҢ ЖАҢЖАЛГА АЙЛАНЫП БАРАТАТ»


Эл аралык «Актед» уюму Жалалабатта чек аралаш кыштактардагы чыр-чатактарды азайтуу үчүн атайын долбоордун кезектеги этабын ишке киргизди. Ал долбоорду ЕККУнун Оштогу кеңсеси колдоп чыкты. Бул уюмдун Оштогу өкүлү Жером Буйжу «Азаттыкка» берген интервьюсунда кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал али туруктуу эмес экендигин белгиледи.

- Жером Буйжу мырза, чек арада кандай өксүктөрдү байкадыңыз?

- Чек ара жайларынан өтүү өтө машакаттуу. Демаркация болгон айыл-кыштактардагы тургундар кайсы мамлекетте жашап жаткандыгын Кыргызстан, же Өзбекстандын жараны экендигин билишпейт.

- Эки өлкө жарандар менен автоунаалардын өтүүсү үчүн 14 жерди белгилеген. Чек ара чыр чатактары кайсы жерлерде орун алууда?

- Калк бир мамлекеттен экинчи өлкөгө өтүүчү жайлар жөнүндө маалыматсыз калган. Чек ара жаңжалдары Жалалабатта да, Баткенде да болуп жатат. Баткенде тажикстандыктар менен чатактар улам кайталанып, өз жеринде чечилбегендиктен күчөп, чоң жаңжалдарга айланып баратат. Биз күчүбүздү чек ара көйгөйүн чечүүгө чогуу жумшообуз зарыл.

- Кырдаалды тынчтык жолу менен кантип жөнгө салса болот?

- Чек ара айылдарында жашаган элдин көбүнүн паспорту, же башка тиешелүү документтери жок. Биз каржылаган долбоорлор аркылуу кыштактарда жамааттар түзүлдү. Бирок, ал жетишсиз. Чек ара маселесин жөндөөгө жергиликтүү бийликти да тартуубуз керек. Алардын таасири көбүрөөк болот.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG