Оппозициядагы “ Грамада” партиясынын төрагасы Александр Козулин 25-марттагы полиция менен оппозициянын жактоочулары ортосундагы кагылышуу маалында камакка алынып, ошондон бери кайда экени белгисиз болуп жаткан.
Саясатчынын жардамчысы Илья Рассоловдун жекшемби күнү маалымдашынча, Александр Казулин азыр Минскиден 50 чакырым чыгыштагы Жодина шаарчасында абак жайда кармалууда:
-Козулин хулигандык жасады деп, ага каршы 339-берене боюнча кылмыш иши козголду. Ал адвокаты менен эртең жолугушат. Тергөөнү минскилик жана жодиналык тергөөчүлөр жүргүзүүдө. Бизге Казулин ден соолугуна байланыштуу арызданбады дешти. Бирок, бизде анын саламаттыгынан күмөнүбүз бар жана аны медициналык текшерүүдөн өткөрүүсүн талап кылабыз. Азыр башкы милдетибиз аны менен байланышуу.
Белорустун ишки иштер министри Владимир Наумовдун билдиришинче, Казулин элди мамлекеттик мекемелерге чабуул жасоого чакырганы үчүн камакка алынган.
Өткөн аптада оппозиция лидери Александр Милинкевич баштаган демонстаранттар, президент Лукашенко шайлоого мыйзамсыз катышты, шайлоо калыс өтпөдү дешип, күн сайын Минскинин Октябь аянтында нааразылык акциясын өткөрүп жатышты. Полиция аянтты 24-мартта демонстранттардан тазалап, көптөгөн адамдарды камакка алган.
Иван деген жигиттин айтымында, анын тууганы да азыр абакта отурат:
-Демонстранттарды камакка алууга менин мамилем кандай болушу мүмкүн? Бул зулумдук, бул диктаторлук.
Евробиримдик жана АКШ өкмөтү шайлоону адилет өтпөдү деп сындашкан. Ал эми Биримдиктин учурдагы төрагасы Австрия ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө Белорус бийликтерин демонстранттарга каршы “күч колдонду” деп күнөөлөдү.