Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

27-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бул күнү кыргыз өкүмдары Шибоцюй Ачжань Кытай мамлекетине элчиликке барган. 2003-жылы Нарында 21 адамдын өлтүрүлгөндүгү маалымат болгон.

Алыскы 648-жылдын бул күндөрү кыргыз мамлекетинин башкаруучусу Эльтебер Шибоцюй Ачжань Кытай мамлекетине элчиликке барган. Кытай жазма булак маалыматтарына караганда, кыргыз өкүмдары кытай ордосуна Чжэнь-гуань башкаруусунун 22-жыл 2-айында, тактап айтканда 648-жылдын 29-февралынан 28-март аралыгында келген. Шибоцюй Ачжандын элчилигинин натыйжасында кыргыз-кытай мамилеси орноп, өлкө аралык саясий, соода алакасы калыптанган.

1925-жылдын 27-мартында РСФСР курамындагы Кара-кыргыз автономиялык областтын I уюштуруу Кеңешинин курултайы ишин баштады. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө жана кыргыздардын баш кошуп биригишинде курултай айрыкча маанилүү роль ойногон.

2003-жылдын 26-мартынан 27-мартка караган түнү Нарын областынын Сарыбулак жергесинде 21 адам өлтүрүлгөндүгү маалым болду. Каргашалуу окуяга кабылган адамдар Кытайга каттаган ишкерлер экендиги жана аларды ташыган унаа өрттөлүп, кылмыш жасалган жерде автомат огунун гильзалары табылган.

2005-жылдын 27-мартында жаңы шайланган парламент экинчи ирет ишин баштады.

1583-жылдын 27-мартында казак-орус атаманы Ермактын чакан аскер тобу Сибирь ханы Кучумдун он миңдеген колун талкалап, хандыктын ордо шаары Искерди ээлеп алган.

1671-жылдын 27-мартында калк козголоңчусу атаман Степан Разин Кагальницк шаарчасында жеңилгенден кийин туткунга алынган.

1953-жылдын 27-мартында Бериянын кылмышкерлери актаган массалык амнистиясы ишке ашырылган.

1968-жылдын бул күнү биринчи советтик космонавт Юрий Гагарин сыноо учуу мезгилинде кайтыш болгон.

27-март Эл аралык театр күнү. Театр күнүн белгилөө чечими 1961-жылы Эл аралык театр институтунун конгрессинде кабыл алынган. Эл аралык театр күнүн белгилөө саамалыгы Кыргызстанда да жыл сайын өткөрүлүп турат.
XS
SM
MD
LG