Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

КЫРГЫЗСТАН ХИПИК (HIPC) ПРОГРАММАСЫНА КИРҮҮНҮ ОЙЛОНУУДА


Кыргыз өкмөтү тышкы карыздарды Хипик (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries) программасы аркылуу жоюу маселеси боюнча акыл калчап турган чагы. Бирок, бул демилге коомчулукта бир тараптуу колдоого ээ болгон жери жок. Кыйла талдоочулар муну өлкөнүн аброюна доо кетире турган жаңылыш кадам катары баалап жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, азыр Кыргызстандын 2,5 миллиарддан ашык доллар карызы бар. Азыркы акыбалында бул карыздан оңой менен кутулуу мүмкүн эмес деп санаган өкмөт азыр бул маселени хипик программасы аркылуу чечүү аракетин кылып жатат. Премьер-министр Феликс Кулов эл аралык валюта корунун жетекчилигинин тышкы карызга байланышкан катына 23-мартта берген жообунда карыздардан Хипиктин алкагында кутулууну кубаттаарын билдирди. Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстан Хипик алкагында кызматташтыкка макулдук берсе, карызынын бир миллиард доллардан ашыгы кечирилет экен.

Бирок, өлкө ичинде айрым саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү тарабынан кескин сынга кабылып атат. Маселен, жаш саясатчылар форуму Кыргызстандын Африканын эң жарды өлкөлөрүнүн катарында болушун каалашпайт. Бул кадам Кыргызстанды эл аралык каржы уюмдарынан караманча көз каранды болууга аргасыз кылат деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө.

Бул өтө опурталдуу кадам экендигин мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева да билдирди:

- Дүйнө жүзүндө эң эле начар, эң эле жарды, такыр баш-аягы жок, талаада калган согуш менен аралаш элдердин арасына кириши жөнүндө биздин алдыбызда чоң суроо турат.

Роза Отунбаева өлкөнүн мындай жагдайга кириптер болушун мурдагы президент Акаевдин ишинин тыянагы катары карайт. Акаев болсо карызды жоюу жаатында өзүнүн саясатын туура деп эсептеп, Хипикти жактабай тургандыгын «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди:

- Хипик тобунада жалаң Африка мамлекеттери. Ага ишенич жок. Аларга көптөгөн шарттарды коюшат. Хипиктин бир начар жери жанагыдай жеңилдетилген кредит, грант жардамдарынан айрылып калышы мүмкүн.

Анткен менен экономикалык тармакка милдеттүү жетекчилер Кыргызстан кандай жол менен болсо да жакынкы жылдары тышкы карызынан кутулуп албаса, өлкөнүн экономикасы өрүш ала албайт деп санашат. Ошондуктан президент Курманбек Бакиев мурдагы билдирүүлөрүнүн биринде карызды жоюунун Хипик жолун пайдаланууну да жокко чыгарбастыгын айтканы бар. Ал эми март ыңкылабына байланыштуу уюштурган маалымат жыйынында Бакиев Хипик маселесине астейдил карады:

- Тышкы карызды жоюш үчүн ү-төрт же беш-алты пункттан турган шарттарды койсо, бизге ал шарттарды кабыл алууга болбосо, биз андайга барбайбыз. Биз көрөбүз аны. Маселе али биротоло чечиле элек. Ошондуктан, хипикке барыш үчүн өкмөттүн деңгээлинде, министрлер арасында изилдөө иштери жүрүп атат, сүйлөшүү иштери жүрүп атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG