Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:18

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ : УКРАИНАДАГЫ ШАЙЛООНУН КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН САБАГЫ ЧОҢ


«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар бирикмесинин жетекчиси Эдил Байсалов «Азаттыктын» танкы берүүлөрүнө чыгып сүйлөп, Украинадагы болгон парламенттик шайлоого байкоочулук пикирлери менен бөлүштү. Ал азыркы учурда Украинадагы парламенттик шайлоого байкоочу катары катышып жатат.

- Ушул сааттарга карата Украинадагы парламенттик шайлоонун бей расмий жыйынтыктары маалымдалып жатат. Шайлоо бекеттеринен жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда алдыга 33 пайыз добуш менен ушул саатка карата Виктор Янукович орусиячыл маанайдагы региондор партиясы алдыга чыгыптыр, андан кийинки орунда Юлия Тимошенконун мурдагы премьер-министри блогу келе жатат 22 добуш менен, үчүнчү орунда Украин президенти Ющенконун «Биздин Украина» блогу, андан кийин социалисттер келе жатканы кабарланууда. Сиз азыр Украинада жүрөсүз, болочок өкмөттү куруу боюнча Украин телеканалдарында кандай жоромолдор, кандай божомолдор айтылып жатат. Ушул жагынан кабардар боло алдыңызбы?

- Түнү бою 5-6 телеканалдар, эксперттер, журналисттер талкууларды өткөрүп атышат. Албетте, «оранжевый» коалиция түзүлөт, Ющенко Тимошенко менен коалиция түзгөнгө мажбур болот дагы, Юлия Тимошенко премьер-министр болуп дайындалат деген божомолдор айтылып атат.

- Демек, саргылт ыңкылапты ишке ашырган саясий күчтөр кайра жаңы өкмөттү чогуy кура алат деген үмүт бар экен да коомчулукта?

- Ооба, булар топтолуп Александр Морозовдун социалисттер партиясы менен бирдикте көпчүлүккө добушка ээ болуп атышат.

- Бул шайлоодон кийин Украина дагы парламенттик башкаруудагы мамлекетке өтүп жатпайбы. Ушул шайлоодон кийин да парламенттик башкарууну көздөп жаткан Кыргызстан үчүн кандайдыр бир сабактар болушу мүмкүнбү?

- Албетте, бул биз үчүн абдан чоң сабак болушу мүмкүн. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой Украинадагы Батыш, Чыгыш деген регионалдык проблема биздин Түндүк, Түштүк деген проблемадан дагы орчундуу, керек болсо абдан опурталдуу чоң маселе. Ошондой бөлүнүп-жарылуу орун алган өлкөдө парламенттик башкаруу эң оптималдуу система экендиги баарыбызга белгилүү болуп атат.

- Украинадагы бул шайлоого КМШнын адатта поссоветтик аймактарга байкоо жүргүзгөн байкоочулар миссиясы катышкан жок, бирок башка эл аралык уюмдар, Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунан байкоочулар бар. Буга чейинки поссоветтик аймактагы шайлоолордон ЕККУ менен КМШ байкоочуларынын пикирлери, тыянактары каршы чыгып жүрчү эле. Дегеле, эл аралык байкоочулар кандай баа берери күтүлүүдө бул шайлоого? Кандай маалыматыңыз бар?

- Менин оюмча, Москвадан болобу, Европадан болобу, кайсы жерден гана болбосун ушул демократиянын чоң жеңиши болгон саргылт революциядан кийин Украина чоң экзаменден өткөнү баарына эле ачык айкын болуп атат. Украиналыктар Европанын деңгээлинде калыс, ачык, айкын шайлоолорду өткөрө алышты.

- Украинада кечээ парламент менен кошо жергиликтүү кеңештердин, райондук кеңештердин, Киев шаардык кеңешинин да депутаттары үчүн добуш берилбедиби. Демек, ошол жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында шайлоо партиялык тизме боюнча өткөрүлдүбү?

- Украина боюнча облус, район кеңештерде толугу менен 100 пайыз партиялык тизмелер менен шайлоо өткөрүлдү. Абдан кызыктуу болот экен, анткени партиянын улуттук деңгээлдеги жетекчилери парламенттик тизмеде болсо, жергиликтүү активисттери облустук, райондук тизмелерде саясий системаны абдан бекемдейт экен дагы, жогорку деңгээлге алып барат экен.

Тектеш

XS
SM
MD
LG