Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

ОШ : РЕВОЛЮЦИЯГА КАТЫШКАНДАРДЫ СЫЙЛООДОН НААРАЗЫЛЫК ЧЫКТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ошто март ыңкылабынын кырктан ашуун катышуучулары Акаев режимин кулатуудагы эмгектерин баалабагандыгы үчүн жергиликтүү бийликке нааразылык билдиришти.

27-март күнү Ош облустук акимчилигинин алдында нааразылык билдирип чогулган адамдардын айтымында март ынкылабына катышкандарды сыйлоо калыс болбой жатат.

- 24-март кээ бир жолдон чыккан жорголор, туурадан чыккан тулпарлар үчүн гана майрам болду. Бизге аза күтүү сыяктуу болду. Себеби адилетти издеп чыкканбыз, адилеттүүлүктү тапкан жокпуз. Кадырыбызды тебелеп жолдон чыккан жорголор революционерлердин атын сатып, ушулар сыйлыкты алышууда. Биздин атабызды атап, ырахмат деп койгон адам жок. Ушул кезге чейин катышкандыгыңар үчүн деген эки барак кагаз грамотоны деле көргөнүбүз жок – деди ыңкылапка катышкандардын бири Шарипа Молдошева.

Ош облустук акимчилигинин жана Ош шаардык мэриясынын макулдашылган чечиминин негизинде өткөн жылкы март окуяларынын катышуучуларынын арасынан 145 адам гана Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган. Мамлекеттик сый-урматка татыктуу адамдардын тизмесин “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмеси түзгөн экен. Бул уюмдун төрагасы Тимур Камчыбековдун айтымында сыйлыктар чектелүү болчу, баарына жетмек эмес.

- Кыргызстан бүгүн жарды мамлекет болуп атат. Курманбек Салиевич деле айтып атат, кайсы заводубуз иштеп кетти деп. Революцияга карата 24-март күнү бардыгын сыйлай албайбыз. Ош облусу жана Ош шаары биригип 145 адамга гана сыйлык бере алабыз. Ошолордун тизмесин бергиле деген. Биз тизмени бергенбиз,- деди Тимур Камчыбеков.

Өткөн жылкы март айындагы нааразылык акциясынын лидерлеринин бири, учурда Ош облусунун губернаторунун орунбасары болуп иштеп жаткан Мурадыл Бакашов март ыңкылабына тиешеси жок адамдар эле нааразылык чыгарып жатат деп эсептейт:

- Нааразы болгондордун саны көп. Бирок бул жерде бир нерсени айта кетишибиз керек. Акаевдин кетишине Кыргызстандын калкынын бери жагы 70 пайызы макул болуп, нааразы болуп чыккан. Акаевдин кетишине чын дилинен ишенип, ошого аракет кылган адамдардын бирөө дагы басып келген жок сыйлык сурап, Акаев кетип калса бир нерсе болуп кетет деп аңдып тургандардын көпчүлүгү келип атат азыркы мезгилде, мен кетиргем Акаевди деп.

Нааразылык басылбай жаткандыктан март ыңкылабынын катышуучуларын сыйлоо иш чарасы кийинкиге жылдырылды.

Сүрөттө 2005-жылы март айында Ош шаарында болгон элдик нааразылык жыйындары

XS
SM
MD
LG