Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

РОЗА ОТУНБАЕВА : УКРАИНАДАГЫ ШАЙЛОО КЫРГЫЗСТАНГА ЧОҢ ӨРНӨК БОЛО АЛАТ


Украинага иш сапар менен барган Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, азыр «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева ал жактагы парламенттик шайлоодон алган таасирлери, байкоолору менен «Азаттык» радиосуна бөлүштү.

- Роза Исаковна, сиз азыр Украинада жүрөсүз. Жалпы шайлоонун жүрүшүн кандай баалар элеңиз?

- Кечээ күнү өткөн шайлоону бүгүн жыйынтыктап атышат. Жаңы эле ОБСЕнин докладын айтышты. Алардын жыйынтыгын элге, журналисттерге таратышты. Бул Украинадагы парламенттик шайлоо айкын, ачык, адилеттүү түрдө өттү, Шериктештик аймагындагы демократиялык күчтөрдүн абдан чоң жетишкендиги десек болот. Бул башка өлкөлөргө дагы чоң маанилүү түрткүч. Кудайга шүгүр, Украина көрсөттү демократияга элдин деми, көз карашы, элдин демократия жолго өтөйүн деген үмүтү эч үзүлбөй турганын. Бул жердеги шайлоо Украинанын эли үчүн, жалпы КМШ үчүн абдан чоң жетишкендик.

- Акыркы маалыматтарга ылайык революционерлер азырынча Януковичтин партиясына утулууда. Санактар саат сайын өзгөрүүдө. Бирок жалпы тенденция сакталып кала берүүдө. Муну элдин ишеними азайууда деп бааласа болобу?

- Эмнеге Янукович утулду, эч ким утула элек али. Эки “саргылтчылардын” күчү менен, үч лидердин арасында биринчи болуп Януковичтин региондор партиясы келе жатат. Экинчи Юлия Тимошенконун блогу жана үчүнчү “Наша Украина” деген элдик союз. Ушул үчөө жарышта баштапкылардан болуп келе жатат. Азыр ушул учурда сүйлөшүүлөр дал ушул күчтөрдүн арасында жүрүп жатат. Элдин баары күтүп атышат, бул үчөө кандай коалиция түзөт экен деп. Ошол коалициянын негизинде өкмөт түзүлөт 60 күндүн ичинде. Менин билишим боюнча мурунку көлөмдөгү “саргылт” блок кайра бир сөзгө келсе, анда “Наша Украина” менен Тимошенконун блогу кайра кошулат. Эл мурунку революционерлерге ишеним көрсөткөн жок деп айтууга болбойт. Тимошенко абдан өзүнө, өзүнүн блогуна, элге ишенгендей 23 пайыз менен региондордо кичине эле төмөн келе жатат. Чындыгында “Наша Украина” азыркы бийликте тургандар өздөрү күткөндөй натыйжага жеткен жок. Биз кече эле Роман Усмеков менен жолуктук эле, компаниянын менеджери “ишеним көп, биринчи болбосок да сөзсүз экинчи болобуз” деген. Күтүүсүз жерден Тимошенко булардан алдыга өтүп кетти. Мен ойлойм, бул жаңы коалициянын түзүлүшү. Ал эми бир күндүкпү, эки күндүкпү, отуз күндүкпү, иш созулат. Чындап эле оңой эмес акыбал болуп турат. Эл болсо өзүнүн ишенимдүүлүгүн көрсөттү. Бул үчөө былтыркы жылдан баштап Украинаны алып келатат, реформаны жүргүзүп атышат. Бирок Юлия Тимошенконун менеджерлери кечээ мага айтышты, эл азыр өзгөрүүлөрдү, реформаларды күтүп атат, ошону Тимошенко алып кете алат деп. Чындыгында Тимошенко утуп атат.

- Демек, эл ыңкылапчыларды мурдагыдай эле колдоп жатат. Кыргызстан менен салыштыра кетсек. Кээ бир сурамжылоолорго ылайык элдин көбү былтыркы Кыргызстандагы окуяларды төңкөрүш деп атаптыр. Биздин элдин да маанайы өзгөрүп жаткан жокпу?

- Аны бара-бара убакыт, мезгил, азыркы өкмөттүн иштери, оппозиция канчалык күчтүү болсо, ошонун баары далилдейт. Мен айтат элем, Кыргызстандын алдыга жылышы азыр баарыбыздан көз каранды. Ошондуктан ушунчалык жакшы атмосфера Украинада, таза, эч ким бири-бирине бут тоспой, бир адам демонстрация, пикет кылып эшикке чыкпай, партиялар программаларын чыгарып, ошонун негизинде эл добушун берип жатат. Бул шайлоо биздин багытыбыз туура деп айтып атат. Партиялар катуу иштешибиз керек, ошонун негизинде гана кийинки шайлоого чыгышыбыз керек. Мажоритардык шайлоо бул уурулар, бандиттер үчүн, а биз партиялык негизде шайлоого чыгышыбыз керек. Украина бизге татынакай үлгү.

XS
SM
MD
LG