Украинада үч бөлөк уюм сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялашты. Айтмакчы, Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюму шайлоо эл аралык стандарттар менен өткөндүгүн бышыктады.
Мына ошол сурамжылоого таянсак, жеңиш экс-премьер Виктор Януковичтин Региондор партиясына тийди. Янукович 2004-жылдагы президенттик шайлоодо Виктор Ющенкодон жеңилип калган эле. Жекшембидеги добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы эртең жарыяланат. Ал эми сурамжылоо Януковичтин партиясы 450 орундуу парламентте 183 орунга ээ болгондугун көрсөтүүдө. Буга салшытырмалуу Юлия Тимошенконун Блогу 22-24 пайыз менен экинчи, ал эми президент Ющенкону колдогон Биздин Украина 15 пайыз менен үчүнчү болуп келди.
Орусияга көбүрөөк ыктаган Януковичтин партиясы жеңип чыкканы менен, кийин келген Тимошенконун блогу жана Биздин Украина Социалисттик партия менен бириксе, чогуусу менен парламенттеги 226 орунду көзөмөлдөй алышат, демек жаңы өкмөт да түзө алышат. Президент Ющенко былтыр сентябрда өзү иштен алган Тимошенко менен кайра күчүн бириктирүүгө каршы эмес шекилдүү:
Ал кечээ Киевде добуш берип жатып, "эртең мурдагы администрацияга кирген, Саргылтым Революцияны жеңген саясий күчтөр менен кеңешмелерди баштайбыз" деп айтты. Ал эми Юлия Тимошенко шайлоо бүткөндөн кийин анын блогу Биздин Украина жана Социалисттик партия менен жаңыланган коалициялык келишимге кол коюга даяр экендигин бышыктады.
Бир гана жери, Тимошенко өткөн жылы Ющенкону жактаган партиянын бир катар аттуу-баштуу мүчөлөрүн коррупционерлер деп атаган эле. Эми ал кайра өкмөт башчысы болсо, алар аны менен кантип тил табышып иштеп кетээрин айтуу кыйын. Экинчи тоскоолдук - Социалисттик партияда жатат. Бул партия атына жараша, Украинанын НАТОго кошулушуна жана жерди жеке менчиктештирүүгө тикелей каршы, ал эми Виктор Ющенко биринчи кезекте дал ушуларды элге убада кылган.
Эгер саргылтым коалицияны калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, президент Ющенконун партиясы Януковичтин Региондор партиясы менен биригиши да мүмкүн. Янукович кечээ буга каршы эмес экендигин ишаарат кылды. Бирок эгер расмий сандар эртең сурамжылоонун жыйынтыгын бышыктаса, 2004-жылдагы президенттик шайлоодо аесуз айкашкан Ющенко менен Януковичке караганда, Тимошенко менен Ющенконун биригиши саясий жактан маңыздуу болот сыяктуу. Анткени шайлоо өнөктүгүндө Тимошенко саргылтым революциянын идеалдарына кайтып келүүгө сөз берген эле, анын шайлоодо экинчи болуп келишине караганда, Ющенко менен Тимошенкону колдогондор эки жалындуу революционердин элдешип, ынтымакта иштешин каалашаарын болжолдоого болот.