Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

ИЗРАИЛДЕ КЕЗЕКСИЗ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Израилде бүгүн кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө, добуш берүү - Кыргызстанда түн ортосунан өткөндөн кийин аяктайт. Элдик сурамжылоолордун жыйынтыктары көрсөткөндөй, жеңишке - бийликтеги "Кадима" партиясы жетүүгө тийиш, бирок ал өзү жалгыз өкмөт курамын аныктай ала тургандай 50 пайыз добуш чогулта албайт.

Күзүндө бийликтеги коалицияга кирген "Авода" партиясынын бир нече мүчөсү өкмөттүк кызматтардан чегингенден кийин президент Моше Кацав парламентти таркатып, март айына кезексиз шайлоо дайындаган. Мурда "Ликуд" партиясын негиздеп, аны жетектеп келген премьер-министр Ариел Шарон ошондо өз партиясынан чыгып, жаңы "Кадима" партиясын негиздеген жана жарым жылдын ичинде ал өлкөнүн негизги партиясына айланды.

Анткен менен мээсине кан куюлган Шарон өзү 4-январдан бери эс-учу жок ооруканада жатат жана "Кадиманы" шайлоого - премьердин милдетин аткарган Эхуд Олмерт жетектеп чыкты. Элдик сурамжылоолор көрсөткөндөй, 120 орундуу парламентте "Кадима" отуз бешке жакын депутаттык мандат утуп алууга тийиш.

Мурда "Авода" партиясына кирип жана ноябрда тышкы иштер министрлик кызматынан чегинип, саясий кризистин чыгышына себепкер болгон Шимон Перес кийин Шарондун жаңы партиясына кошулган жана анын айтымында, көпчүлүк шайлоочулар азыр ушул ортомчул партияны колдогонун түшүнсө болот:

"Парламент азыр көптөгөн майда топторго - 14 партияга бөлүнгөн. Партиялар өздөрү дагы ичинен бөлүнөт. Ошондуктан, менин оюмча, мындай татаал абалда чечимдерди ортомчул партия кабыл алууга тийиш экенин эл дагы түшүнөт жана сезет", - деди Перес 28-март күнү добуш берип жатып.

"Кадима" партиясынын айтымында, Шарон баштаган аракеттерди улантып, арабдар менен жөөттөр ортосундагы чек араларды Израил өзү аныктоого тийиш, ал үчүн болсо, басылып алынган айрым аймактарды арабдарга кайтарып, бирок Йерусалим шаарынын негизги аймагын колдо кармап калыш керек. Антпегенде, арабдар 15-20 жылдын ичинде Палестина калкынын 60 пайызын түзүп, бардыгын шайлоо аркылуу утуп алышы мүмкүн, дейт Эхуд Олмерт.

Жыйырма-жыйырма беш мандат утуп, экинчи орунга чыгаары күтүлгөн "Авода" партиясынын пикиринде, Палестинада эки башка - араб жана жөөт мамлекеттери түзүлүүгө тийиш жана Батыш сунуштаган планды кыйшайбастан ишке ашырыш керек.

Үчүнчү орунга мурдагы премьер Беньямин Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы чыгат деп айтылууда, бул партия өз алдынча араб мамлекетинин түзүлүшүнө дагы, араб жумушчуларынын Израил аймагында иштешине жана Палестина парламентинде жеңип чыккан ХАМАС кыймылы менен кызматташууга да каршы. Бул партия парламентте 10-15 орун алат деген божомолдонууда.

Бирок бул үч негизги партия менен "Биздин үй - Израил" деген партия дагы атаандаша алат деген пикирлер бар. Партия өзү он-чакты гана мандат алышы мүмкүн, бирок аны менен бириккен оңчул партиялардын коалициясынын колуна отузга жакын орун тийиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG