Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

«ХАМАС” ӨКМӨТҮ БҮГҮН АНТ БЕРЕТ


Палестинанын жаңы өкмөт мүчөлөрү бүгүн парламентте ант беришет жана ырасмий түрдө кызматына киришет. Кечээ автономиянын мыйзам чыгаруу жыйыны плансыз сессия өткөрүп, кабинеттин жаңы составын бекитти.

Автономиянын жаңы өкмөтүнө 24 министр кирди,бу кызматтардын баары “Хамас” уюмунун өкүлдөрүнө жана алардын жакын союздаштарына тийди. Премьер-министр Исмаил Хания бүгүн бүткүл кабинети менен парламентте ант берип, ырасмий түрдө кызматка киришет. Парламенттин атайын чогулган жыйынында депутаттардын үчтөн эки бөлүгү кабинет мүчөлөрүн колдоп добуш берди.

Парламент спикери Азиз Дуяк жаңы өкмөттүн бекитилиши жалпы палестиналыктар үчүн чоң кубаныч болгонун белгиледи. “Алдыда жаркын келечек күтүп турат, жараткан алла өзү жар болуп,буйруса,ошол жаркын келечекке жетебиз”, - деп айтты спикер.

Өкмөткө башка фракциялардан,анын ичинде президент Махмуд Аббастын “Фатах” партиясынан эч ким кирген жок. Мурдагы башкаруучу партиянын мүчөсү Саеб Эракат “фатахчылар” парламентте жаңы өкмөткө каршы добуш беришкенин ырастады. Эракаттын айтымында, “хамасчылардын” программасы палестин элинин таламдарын жана муктаждыктарын натыйжалуу коргой албайт.

Премьер-министр Исмаил Хания парламенттин колдоосун алган соң жаңы өкмөт жана анын министрлери Израил менен тирешти токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасай тургандыгына ишендирди. “Тынчтык башка элге эмес, баарыдан мурда палестиналыктарга керек”, деп айтты ал.

XS
SM
MD
LG