Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

ИЗРАИЛДЕГИ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО “КАДИМА” ПАРТИЯСЫ ЖЕҢДИ


Төрөкул Дооров, Прага Израилде кечээ өткөн парламенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыктары дээрлик толугу менен эсептелинип бүттү. Аларга ылайык, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эхуд Олмерттин “Кадима” партиясы жеңишке ээ болду. Олмерт өзү да бүгүн: “Кадима” жеңди!”, - деп билдирген болчу.

Бул партияны Израилдин буга чейинки премьер-министри Ариэл Шарон өткөн жылдын этегинде түзгөн. Шарон январда инсульт болуп, азырга чейин үшүнө келе элек. Ал ошентип, төшөктөн турбай калгандан кийин, “Кадиманы” жетектөө Эхуд Олмертке өткөн. Ошол “Кадима” израил парламенти Кнессеттеги 120 орундун 28ин ээлей турган болду. Кабарчылардын айтымында, чынында, бул күтүлгөндөн төмөн көрсөткүч болду, бирок коалициялык өкмөттү түзүүдө партиянын маанисин бир топ эле арттырат экен.

Парламенттеги калган орундардын 20сын Эмгек партиясы алды. Ал ошентип, экинчи орунда келатат. Ал эми оңчул “Ликуд” партиясына болсо 11 эле депутаттык орун тийди. Жогоруда аталган партиялардан сырткары, дагы бир топ саясий топтор парламентке өтө алышты. Кнессеттеги орундар үчүн өзү 31 саясий партия ат салышкан эле.

Израилдик ырасмий бийликтердин маалыматына караганда, кечээ жалпысынан добуш берүүгө укуктуу жарандардын 63 процентке жакыны шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, өздөрү каалаган партияларды тандашты. Бул – Израил тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч.

Бул жолу коопсуздукту камсыз кылуу жагы өтө катуу көзөмөлгө алынып турду. Добуш берүү уланып жаткан учурда өлкөгө палестиналыктарды киришине такыр эле тыйуу салынган. 20 миңден ашуун полисмен жана ыктыярдуу топтор шайлоо чөлкөмдөрүн кароолго алып турушканы айтылууда.

Аналитиктердин баамында, “Кадима” стабилдүү бир өкмөттү куруп, анан Израилдин жаңы чек-аралары жөнүндөгү планын ишке ашырышы кыйын. Анткени коалицияны курууда үстөмдүк кылыш үчүн партия парламенттеги жалпы орундардын жок эле дегенде 40ын ээлеши керек, а азырынча “Кадимага” 28 гана орун тийди. Бул, албетте, Кадимага, анын жетекчиси Эхуд Олмертке жага бербейт. Ольмерт өзү шайлоонун алдынан бул добуш берүүнү “элдик референдум” деп атаганы бар. Анткени шайлоодо эл эгерде “Кадиманы” колдоп берсе, жаңы чек-ара тууралуу партиянын планы ишке ашырылат, а эгер колдобойт экен, анда бул чоң суроону жаратат.

“Кадиманын” планы боюнча, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөттөр отурукташкан айрым жерлер палестиналыктарга өткөрүлүп берилет. Бул дегени – Израилдин саясий картасы өзгөрөт дегенди түшүндүрөт. Өзү Израил мамлекети түзүлгөндөн бери эле мамлекетти же “Ликуд” же Эмгек партиясы башкарып келген эле. Эми минтип, “Кадима” аларды озуп чыкканы, Израил тарыхында өзгөчө бир окуя болуп калчудай.

XS
SM
MD
LG