Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

КЫРГЫЗСТАНДА УЮШКАН КЫЛМЫШТУУЛУКТУН КҮЧӨШҮ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА


Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Карел де Гухт кечээ кечинде Бишкектен Ашкабадка сапар алды. Таанышуу сапарынын алкагында Кыргызстанда ал расмий бийликтин, коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Иш сапардын соңунда төрага журналисттер үчүн пресс-конференция уюштурду.

Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму март ыңкылабынын жемиштерин өз учурунда пайдаланышын каалайт. Уюмдун төрагасы Карел де Гухт журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында ыңкылаптан кийинки өлкөдө коомдук-саясий өнүгүү ар кыл болуп, кээ бир жерде иш илгерилесе, башка жерде тескерисинче артка кеткен учурлар бар. Мындай тыянакка ал жарандык коомдун, саясий партиялардын, расмий бийликтин өкүлдөрү менен болгон пикир алмашуудан кийин келди.

Жолугушууларда талкуунун өзөгүн коррупцияга каршы күрөш, улуттар аралык мамиле, ички иштер кызматын реформалоо, күнөөлүү саналган жаранга санкция берүү укугун прокуратурадан сот тармагына өткөрүп берүү, арам акчаны адалдоо жана терроризмге каршы күрөш жөнүндөгү мыйзамдын парламент тарабынан кабыл алынбай жатышы өндүү маселелер түздү. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш өтө олуттуу маселе деди ЕККУнун азыркы төрагасы:

- Мисалы, айрым аймактарда келерки жумаларда өтө турган кошумча шайлоодо уюшкан кылмышка катышы барынан шектелген айрым адамдар шайланып калышы мүмкүн. Бул өтө олуттуу проблема.

Карел де Гухт менен жолугушкан бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү азыркы бийлик менен ыңкылаптан кийинки проблемаларды чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришти. Бирок, бир катар саясатчылар улам убакыт өткөн сайын азыркы бийлик элден алыстап, ишеними бөксөрүп баратат деген ойдо болуп жатышат. Буга бийликтин бири-бирине дал келбеген чаржайыт кадамдары түрткү болууда деди “Жарандык коом коррупцияга каршы” жарандык борбордун башчысы Төлөкан Исмаилова. Мунун мисалы катары саясий партиялардын лидерлеринин бир даары Конституциянын долбоорун жазууга байланыштуу жаңы топтун түзүлүшүн келтиришти.

Ал эми ЕККУ төрагасынын айтымында, ал Конституциялык реформа маселесин президент Курманбек Бакиев менен талкуулап, айрым кайчы жагдайлардын келип чыгышынын чоо-жайын талкуулашты. Бул тууралуу Гюхт маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Төраганын айтымында, жогоруда белгиленген башка маселелердин катарында экономикалык өнүгүүнү да калыптоо зарыл. Ансыз чет өлкөлүк инвесторлорду Кыргызстанда тартуу кыйын.

Карел де Гухт ошондой эле маалымат жыйынында коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Анжиян окуясында ооп келип, аликүнчө Кыргызстанда кармалып турган өзбекстандык качкындарга карата пикирин билдирди:

- Ушул күнгө чейин Кыргызстанда камакта отурган өзбекстандык төрт качкындын өткөрүлүп берилишине каршыбыз.

ЕККУ төрагасы, Белгиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга кечээ эртең менен келген. Бир күндүк иш сапарында ал Кыргызстандын президенти, өкмөт башчысы, Парламент төрагасы, тышкы иштер министри менен жолугушуп, жогоруда айтылган бардык маселелердин айланасында пикир алмашты.

Бирок, Кыргызстандагы саясий кырдаалга өз баасын берүүнү каалаган жок. Төрага бир күндүк сапардын жыйынтыгы менен саясий баа берүүгө болбой тургандыгын, анын үстүнө тигиндей же мындай деп баа берүү азыркы шартта опурталдуу экендигин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG