Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

ИЗРАИЛ : "КАДИМА" ПАРТИЯСЫ БАТЫШ ЖЭЭКТЕН АСКЕРЛЕРИН ЧЫГАРЫП КЕТЕТ


Израилде кечээки шайлоодо берилген добуштардын дээрлик бардыгы саналып бүткөндөн кийин, борборчул «Кадима» партиясы Кнессеттеги орундардын эң көбүн алгандыгы тастыкталууда. Үч айдан бери эс-учун билбей жактан мурдагы өкмөт башчысы Ариэл Шарон негиздеген бул партия Батыш Жээктен Израил аскерлерин чыгарып кетүү убадасы менен жеңип алды. Анын аралыгында Палестин парламенти исламчыл согушчан Хамас уюму жетектеген жаны өкмөттүн курамын бекитти. Бул окуяларга караганда, Жакынкы Чыгышта дымып калган тынчтык жараянын жандандыра алаары күмөн туудурат.

"Кадима" партиясынын жетекчиси, Израилдин убактылуу өкмөт башчысы Эхуд Олмерт 28-марттагы парламенттик шайлоого палестиндерден бөлүнүү боюнча референдум өткөрүү чакырыгы менен катышкан эле. Добуштардын 99 пайызы саналгандан кийин Олмерт бул программасын ишке ашыра ала турган ийгиликке жетишкендиги айкын болууда. Алдын-ала эсептөө көрсөткөндөй, «Кадима» Кнесеттеги 120 орундун 28ин алды. Бул мандат менен партия келерки өкмөт коалициясында үстөмдүк позицияга ээ болмокчу. Олмерт өз партиясынын жеңиши белгилүү болгондон кийин палестиндерди эки бөлөк мамлекетке макул болууга чакырды:
- Турмуш чындыгын эске алып, кырдаалды түшүнүү менен биз мунасага келип, көзүбүздүн карегиндей аздектеген Израилдин бир бөлүгүнөн, биздин эң мыкты уулдарыбыздын жана аскерлерибиздин сөөгү коюлган жерлерден баш тартуу менен, ал жакта жашаган жөөттөрдүн жүрөгүнө так салсак да, аларды көчүрүп кетип, өз алдынча мамллекет болуп, биз менен коңшулаш, бейкуттукта жана тынчтыкта жашашыңар үчүн, силердин тилеген тилегиңерге жетишиңерге шарт түзүүгө даярбыз.

Өткөн сентябрда Ариэл Шарондун буйругу менен Газа тилкесинен Израил аскерлери чыгарылган эле. Олмерт өз шайлоочуларына Батыш Жээкти да бошотууга сөз берген. Ошол эле убакта, ал чоң жөөт айылдары турган басылып алынган жерлерди жана палестиндер келечек мамлекеттин борбору кылгысы келген Чыгыш Иерусалимдин бир бөлүгүн аннекциялап алууга ниеттенүүдө. Мунун натыйжасында Израил менен Батыш Жээктин ортосунда чычкан жөргөлөп өтө албаган коопсуздук дубалы тургузулмакчы.

«Кадима» шайлоодо 20 орун менен экинчи болуп келген солчул лейбористтер жана мурдагы советтик жарандардын колдоосуна таянган оңчул «Израил – биздин үйүбүз» партиясы менен коалиция түзөт деп болжолдонууда. Кийинки партия Израилдин аймагындагы арабдарды өлкөдөн сүрүп чыгарууну жактайт. Уюмдун жетекчиси Авигдор Либерман өз партиясынын жеңишине канааттанганын жашырган жок:

- Шайлоонун жыйынтыгына биз абдан куштарбыз. Менимче, бул чынында да маанилүү жетишкендик болуп калды. Бүгүн биз оңчул канаттын эң ири партиясына айландык, келерки шайлоодо өкмөттөгү эң ири шерик болоорубузга ишенем.

Батыш Жээктен чыгып кетүү палестиндердин жеңиши болот деп эсептеген Бенжамин Нетаняхунун оңчул партиясы начар жыйынтык менен келди.

Израил шайлоосунун алдын-ала жыйынтыгы белгилүү болгон тапта Палестин парламенти Хамас уюму жетектеген өкмөттү бекитти. Бул уюм Израил мамлекетин тааныбайт жана 2000-жылдан бери 60 чакты жан кечтинин чабуулу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Бирок тынчтык жараянын да четке каккан Хамас Израил менен узак мезгилдүү элдешүүгө макул болушу мүмкүн экендигин кыйыткан. Тынчтык жараяны палестиндердин экинчи козголоңунан бери токтоп турат. Эки ортодо абал курч экендигинен кабар берип, бүгүн палестиндердин Исламдык Жихад тобу Газа Тилкесинен Израилдин ракетадан аткылангандыгын билдирди. Жапа чеккендер болгон жок.

XS
SM
MD
LG