Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

БҮГҮН КҮН ТОЛУК ТУТУЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Бүгүн (29-март күнү) дүйнөнүн айрым мамлекеттеринин эли ХХI кылымда алгачкы жолу Күндүн толук тутулганын көрдү. Айдын көлөкөсү Бразилиядан тартып, Атлантика океаны, Африканын түндүгү, Түркия, Кавказ, Борбор Азиянын түндүгү, Казакстан жана Орусиянын аймагы аркылуу жылып, Монголияга чейин жетти.

Айдын көлөмү Күндөн 400 эсе кичине болгону менен, ал Жерге 400 эсе жакын айланат, ошондуктан Ай менен Күндүн чоңдугу асманда бирдей болуп көрүнөт. Ай Күн менен Жердин так ортосуна келгенде, ал Күндүн бетин басат жана аны Күндүн тутулуусу дешет. Күндүн толук тутулушу ар бир эки-үч жылда бир жолу болуп турат, бирок Жердин кайсы бир аймагында аны 300 жылда бир жолу гана көрсө болот.

29-март күнү болгон толук тутулууну алгач эртең мененки саат беште Бразилиянын эли көрө алды.

Андан соң Жерге түшкөн Айдын көлөкөсү Атлантика океаны аркылуу өттү жана андан кийин Күн тутулуусун Африканын түндүгүндөгү мамлекетерде, Түркия, Кавказ жана Орусиянын аймагында көрсө болду.

Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыга жакын Күндүн толук тутулуусун Монголиянын эли көрө алды.

Тутулуу 2-3 мүнөткө созулду, ошондуктан окумуштуулар аны байкоо үчүн абдан кылдат даярданышты.

Улуу Британиялык астроном Эндрю Нортондун айтымында, эгер мурда Күндүн тутулуусу учурунда негизинен Күндүн нурлары жана анын башка сапаттары изилденип келген болсо, акыркы мезгилде Күн тутулуу учурунда Жердин атмосферасынын өзгөчөлүктөрү изилдене баштады.

- Азыркы мезгилде күн тутулуулар учурунда Күндүн өзү изилденгенден мурда, анын Жерге тийгизген таасири жана өзгөчө Жердин атмосферасы изилденүүдө. Күндүн өзү боюнча андай маалыматтар тарых болуп калды окшойт, - дейт Нортон.

АКШнын Космос агенттиги алдын ала билдиргенге караганда, азыркы Күн тутулуусу эң жакшы сапатта Түркиянын аймагынан көрүнмөк, ошондуктан Түркияга дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринен миңдеген адам чогулду.

Күн тутулуусун көрүү үчүн дүйнөнүн ар башка булуң-бурчуна жыл сайын саякат жасагандар да көп. Мисал үчүн Швейцариянын тургуну Оливер Штайгер быйылкы Күн тутулууну көрүш үчүн атайын Мисирге келди. Биринчи жолу андай сапар менен ал 1994-жылы Бразилияга барган:

- Мен Бразилияга атайын барып, ал жердеги Игуасу деген шумдук шаркыратманы да көрдүм, бирок Күндүн тутулганын көргөндө мен эс-учугумду жогото жаздадым. Өзүм байкабай калыпмын, мен 'О жараткан!' деп тиземе да чөгөлөп жиберипмин. Демимди чыгара албай, кулагым да тунуп калды. Ошондон бери, кайсы бир жерде Күн толук тутулат деген маалымат чыкканда, мен ошол жерге барып жүрөм, - дейт швейцариялык Штайгер.

Күндүн толук эмес тутулуулары Жерде жылына экиден беш жолуга чейин болот, андай тутулуу учурунда Күндүн бети Ай менен толук басылбайт.

ХХ кылымда андай толук эмес тутулуулар 228 жолу болгон, 1935-жылы болсо Күн беш жолу тутулган.
XS
SM
MD
LG