Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

К.КҮМҮШБЕКОВ: АСКАР АКАЕВГЕ АКЧА САЛГАН БАШТЫКТЫ АЛЫП КИРҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС ЭЛЕ


Аманбек Жапаров,Бишкек Экс-президенттин жеке күзөтүнүн башчысы Канат Күмүшбеков Баткен окуясына байланыштуу ири көлөмдөгү акча каражаты Аскар Акаевге берилбегенин тастыктай тургандыгын шаршембиде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Буга чейин Эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов 420 миң доллар салынган баштыкты Акаевдин кеңсээсине таштап кеткени тууралуу сотто көрсөтмө берген. Ал эми экс-президенттин адвокаты Максим Максимович Аскар Акаевге ашкере жалаа жапкандыгы үчүн мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровду сотко берерин билдирди.

Адвокат Максим Максимовичтин айтымында экс-президент Аскар Акаевге башкы прокуратура тарабынан коюлуп жаткан айыптар негизсиз. Өткөн жылдагы 24-март окуясынан кийин өздөрүн «революционер» деп аташкан топ кандай жол менен болбосун Акаевди каралоону максат кылышкан. Ошондуктан ага жана анын үй бүлөөсүнө ар кандай жалааларды жаап, жаманатты кылуу аракети дале уланууда.

24-марттан бери бир жыл убакыт өттү. Ушул мезгилдин аралыгында ким күнөөлүү, кимдин күнөөсү жок экендигине чекит койсо болмок. Акаевдин мүлкүн териштирген Данияр Үсөнов жетектеген мамлекеттик комиссиянын ишмердигинен эч кандай майнап чыккан жок, деп баса белгиледи экс-президенттин адвокаты.

Максим Максимовичтин айтымында, Аскар Акаевдин үйбүлөсүн жана жубайы Майрам Акаеваны жаңы бийлик эл алдында, дүйнөлүк коомчулукка ашкере жаманатты кылып көрсөтүү максатында ар кандай шылтоолор менен аларга каршы кылмыш иштерин козгогон. Адвокат Максимвоич ошондой эле экс-президентке 420 миң доллар нак акча берилди деген айыпты да четке какты.

Маалымат жыйынына катышкан экс-президенттин жеке күзөтүнүн башчысы Канат Күмүшбеков ар бир буюм күзөтчүлөрдүн текшерүүсүнөн өтөөрүн, ири көлөмдөгү акчаны Акаевге текшерүүсүз алып кирүү мүмкүн эмес экендигин билдирди. Президенке киргендер текшерүүдөн өтүшчү. Ал эми желим баштык менен акча алып кирүү мүмкүн эмес болуучу.

Канат Күмүшбеков экс-президенттин ошол кездеги жеке катчысы Молдокунова менен бул иш боюнча Башкы прокуратурада жазуу жүзүндө көрсөтмө бергендигин, бирок ал көрсөтмөнү сот эске албаганын айтты.

Биринчи май райондук сотунда Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Медет Садыркулов Аскар Акаевдин иш кабинетине 420 миң доллар салынган баштыкты коюп чыгып кеткенин айткан. Адвокат Максим Максимович анын айткандарын төгүнгө чыгарып, президентти кайтарган күзөтчүлөрдүн текшерүүсүнөн өтмөйүнчө эч кандай баштык же портфель Президентке киргизилиши мүмкүн эместигин баса белгилеген. Ошол убактагы каржы министри Султан Медеров бир нече ирет экс-президент Аскар Акаевдин кабыл алуусуна документ салынган чоң портфель менен киргендигин күзөтчүлөр тастыктаарын билдирген.

Экс-президенттин жеке күзөтүнүн башчысы Канат Күмүшалиевдин маалыматына караганда күзөт эрежесине ылайык президентке каржы министри менен коргоо министринин документ салынган портфелдер менен кирүүгө улуксааты бар, бирок алар текшерүүдөн өткөндөн кийин гана президентке киргизилет.

XS
SM
MD
LG