Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРДИКТЕН АЖЫРАДЫ


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн №69 Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан Рысбек Акматбаевди талапкердик укугунан ажыратты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мындай чечимге келишине кыргыз өкмөтүнүн, ички иштер министрлигинин, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын кайрылуусу негиз болду. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдыраимовдун айтымында кайрылган тараптар өздөрү койгон маселени төмөнкүдөй негиздешкен:
Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Акматбаев Рысбек Абдымаликовичти каттоо учурунда анын соттолгондугу жоюлбаган жана кылмыш жасагандыгынан шектелип, издөөдө жүргөн 2001-2005-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагында жашаган эмес.

БШКнын маалыматына караганда, Р. Акматбаев 1998-жылы күчөтүлгөн тартипте үч жылга жаза алган жана ден-соолугуна байланыштуу бул жазаны аткарган эмес. Ал эми экинчи жагдай боюнча: 2001-2005-жылдары өзүнүн коопсуздугу үчүн чет өлкөлөрдө жашаган. Акматбаев өзү сотто бул жылдар аралыгында Испанияда, Германияда, Өзбекстанда, Казакстанда жашыруун жашап, маал-маалы менен Кыргызстанга жашырынып келип-кетип турган.

Боршайком жыйынында бул иштерди тескебегендиги үчүн Балыкчы округдук шайлоо комиссиясына кине коюлуп, атайылап жашырылган катары сыпатталды. Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тилек Жапаров, тескерисинче, Акматбаевдин катталышы мыйзамдуу деп санайт:

- Бизге Акматбаев арыз өткөрүп жатканда соттордун бардыгы соттолгондугу жабылган, мөөнөтү өткөн, таза деп кагаздарды берген. Он күндүк мөөнөт өткөндөн кийин башка кабар же документ жок болчу. Комиссия 15 киши чогулуп туруп, каттаганбыз.

Жапаров округдук шайлоо комиссиясы менен Акматбаев келишип кетти деген көз карашты жактаган жок. Анын оюнда, БШК саясий кызыкчылыктарды көздөгөн чечим кабыл алды.

Р. Акматбаев ошол эле учурда аны депутаттык жарыштан чыгарган БШК чечимин алып эле жөн отуруп калчудай эмес. Анын адвокатынын айтымында, Р. Акматбаев эми сот аркылуу БШК чечимин жараксыз кылуу аракетин көрмөкчү.

Р. Акматбаевди шайлоодон четтеткен чечим жөнүндө кабар жетери менен эле Балыкчы шайлоо округунда шайлоочулардын нааразылыгы башталды. Бул жактагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, БШКнын чечимине наарызы болгон Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери көчөгө чыгышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG