Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

АКМАТБАЕВ ЭМНЕ ҮЧҮН ШАЙЛООДОН ЧЕТТЕТИЛДИ?


Бүгүн Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери Бишкекте нааразылык акциясын уюштураары күтүлүп жатат. Рысбек Акматбаевдин депутаттык жарыштан чыгарылганына нааразы болуп Балыкчы шаарында жана Ысыккөл районунун бир нече айылында көчө акциясына чыккандар кечээ кечинде ушундай чечим кабыл алышкан болчу.

Кылмышкер катары шектүү саналган Рысбек Акматбаевди талапкердик укуктан Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого он күн калганда ажыратты. Муну Акматбаевдин соттолгондугу жоюлган эмес жана акыркы беш жылда Кыргызстанда үзгүлтүксүз жашаган эмес деп негиздеди. Бирок, өкмөттүн, ички иштер министрлигинин жана жарандык коомдун кайрылуусуна ылайык көтөрүлгөн бул маселени Акматбаевдин тарапкерлери саясий заказ катары баалашып, округга таандык Балыкчы шаарында жана бир нече айылда дароо нааразылык акциялары башталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев БШКнын мындай чечимин элди козуткан чечим, бийликтин кезектеги катачылыгы деп баалады:

- Өзүм таң калып атам. Биздин Кыргызстанда ушундайга барат да. Турат, турат, анан жакын калганда ушинтип эле ызы-чуу башталып жатып калат. Өз убагында чечип койсо болот эле да.

Рысбек Акматбаевдин шайлоого талапкер катары катышуу укугу Кыргыз өкмөтү, юстиция министрлиги, БШК, Бишкек шаардык, Биринчи май райондук соттору өңдүү тараптардын ортосунда териштирилип, бирок, кынтык табышкан эмес. Ушундай көз караштагы Акматбаевдин жакындары анын шайлоодон четтетилишине келтирилген акыркы негиздемелерди шылтоо деп жатышат.

Ушундай эле пикирин Балыкчы шайлоо округдук комиссиясынын төрагасы Тилек Жапаров да айтты:

- Сурабалдиевди деле, Эркинбаевди деле кылмышкер деп айтышкан. Бирок, эч негиз жок, алар кезинде депутат болушкан. Бул жерде болсо биздин урматтуу премьер менен кандайдыр бир келишпестик болуп, менин оюмча, саясий заказ болду.

БШК болсо тескерисинче, Жапаров баштаган округдук шайлоо комиссиясына аталган талапкердин соттолгондугун жашырып койгон деп кине коюуда.

Акматбаевге байланышкан маселе өтө чаташып кетти дейт Кыргызстан коммунисттик партиясынын төрайымы Клара Ажибекова:

- Бүгүнкү жагдайда кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөлүү эмес экенин айрып айтыш мен үчүн кыйын болуп турат. Чынын айтканда, тигил жакта отуруп келген, мамлекетке зыян алып келгендерди бийликке дегеле жолотпош керек деп ойлойм.

Клара Ажибекованын пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев өлтүрүлбөгөндө, анын кылмышкер катары шектелген агасы Рысбек Акматбаевдин саясий айдыңда пайда болору күмөн эле.

Рысбек Акматбаев депутаттын өлүмүнө премьер министр Феликс Куловду күнөөлөп, аны кызматтан кетирүү акциясын уюштурганы маалым. Акция президент Курманбек Бакиев менен маркум депутаттын туугандары жолугушкандан кийин токтотулган.

Айрым байкоочулар Рысбек Акматбаев президент менен кыйыр ымаласы бар болгон үчүн саясатка батыл умтулуп жатат деген пикирлерди айтып жүрүшөт. Президент өзү болсо март ыңкылабынын бир жылдыгына байланыштуу уюштурган маалымат жыйынында Акматбаевдин ишине киришпестигин билдирди:

- Мен булгангым келбейт. Мага өзүмдүн ар-намысым ушунчалык кымбат, кимдир бирөө үчүн,кандайдар бир нерсе үчүн киришейин деген оюм жок.

Ал эми мындан эки күн мурун Бишкекте болгон кезинде ЕККУ төрагасы Карел де Гухт кылмышкер катары шектелген адамдын бийликке келүү аракетин өлкөдөгү олуттуу проблема катары белгилеген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG