Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

ОШ ОБЛАСТТЫК АДМИНИСТРАЦИЯ ИМАРАТЫН ЖАРДЫРГАНДАР КАРМАЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 2004-жылы ноябрь айында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдындагы жардырууга тиешеси бар деп издөөдө жүргөн адамдардын тобу Өзгөн жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн иш чаранын негизинде кармалды. Жергиликтүү Улуттук коопсуздук кызматы кармалган алты адамдын Өзбекстан Ислам кыймылына тиешеси бардыгы жөнүндө билдирүү таркатты.

Өзгөн жана Ош шаарларында бир учурда жүргүзүлгөн оперативдүү иш чаралардын негизинде 2004-жылкы Ош шаарындагы жардырууга тиешеси бар деп шектелип жүргөндөрдүн алтоо колго түшүп, калган үчөө качып кетүүгө үлгүргөн. Ош шаардык ички иштер башкармасынын башчысынын орунбасары Сүйүн Өмүрзаков кармоо учурунда куралдуу каршылык көргөзүлгөндүгүн жана алардын жанынан курал-жарак, ок дарылар табылгандыгын мындайча билдирди:

- Бүгүн эртең менен саат алтыда биргелешкен операция жүргүздүк. Анын жыйынтыгында үч даректе тинтүү жүргүзүлдү. Эки даректе биз издеген адамдар табылды. Тинтүү жүргүзгөн мезгилде биринчи даректен “Макаров” тапанчасынын 24 патрону, экинчи даректен да “Макаров” тапанчасынын 8 патрону жана Хизб-ут Тахрир уюмунун 67 баракчасы табылган.

Ош облустук Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысынын биринчи орунбасары Акылбек Боёнов болсо кармалган адамдардын Өзбекстан ислам кыймылына тиешеси бардыгы жана бир катар террористтик иш аракеттерге катышы бар деп айыпталып издөөдө жүрүшкөндүгү жөнүндө маалыматтарга эгедер экендигин белгиледи:

- Өзбекстандын атайын кызматы менен чогуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде алардын Өзбекстан Ислам кыймылына тиешеси бар экендиги аныкталган. Алардын айланасындагы жүргөн байланыштагы адамдардын баарын иликтеп, ошонун негизинде биз буларды ислам кыймылына анык катышы бар экенине көзүбүз жетип атат.

Алынган маалымат боюнча азыркы учурда кармалгандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG