Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:55

БЕРЛИНДЕ ИРАНДЫН ЯДРОЛУК ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНУУДА


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине кирген беш өлкөнүн жана Германиянын тышкы иштер министрлери бүгүн Ирандын ядролук программасына байланышкан маселени талкуулап жатышат. Берлиндеги жолугушуунун алдында Коопсуздук Кеңеши Тегерандан уран байытууну 30 күндүн ичинде токтотууну талап кылган эле. Иран бул талапты "негизсиз пропаганда" деп мүнөздөдү.

Берлиндеги жолугушууга келгендердин арасында АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, жана Европа Союзунун тышкы иштер саясатын тейлеген Хавиер Солана да бар.

Кечээ БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде АКШнын БУУдагы элчиси Жонн Болтон Иран Коопсуздук Кеңешинин талабына жооп бериши керектигин мындайча эскертти:

- Ядролук курал жасоо аракетинде болуп келаткан Ирандын өкмөтүнө биз эскертүү бердик. Биз бул ачык-айрым эскертүүгө Ирандын өкмөтүнөн жооп күтөбүз. Иран ядролук куралды таркатпоо келишиминнин негизинде өзүнө алган милдеттенмелерин толугу менен аткарышы керек.

Иран өзүнүн ядролук программасы ядролук курал жасоого багытталган эмес деп айтып келет.

Коопсуздук Кеңешинин талабы боюнча Иран бүгүн билдирүү жасады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттаки аны "негизсиз пропаганда" деп мүнөздөдү. Женевадагы куралсыздандыруу боюнча эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Моттаки Ирандын Батыш менен мунасага келээрине күмөн санаарын айтып, ошол эле мезгилде өлкө МАГАТЭ менен сүйлөшүүсүн улантууга нийеттүү экендигин бышыктады.

Иранды уран байытуу ишин толугу менен токтотууга чакырган билдирүүнү Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү бир добуштан кабыл алды. 15 өлкө кирген толук курамында Коопсуздук Кеңеши дароо эле бул билдирүүнү колдоп берди. Аталган өлкөлөр бир нече жума Иран боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн эле. Ошол эле мезгилде ал документте эгер Иран уран байытууну токтотпосо, ага карата кандай чара көрүлөөрү даана айтылган жок.

Ирандын БУУдагы элчиси Жавад Зарифке Коопсуздук Кеңешинин жыйынында чыгып сүйлөөгө жол берилген жок. Ал кабарчыларга Иран ядролук курал жасап жатпагандыгын, бирок ядролук энергия өндүрүүгө укугунан баш тарпай тургандыгын билдирди:

- Иран эл аралык коомчулук менен иштешкиси келет, бирок кысым көрсөтүүнү же коркунуп-үркүтүүнү кабылдай албайт. Коркутууга аллергиябыз бар, биз мындайды анча жакшы кабыл албайбыз.

Эми бул маселе Берлинде талкууга коюлду. Жыйынга чейин Британиянын БУУдагы элчиси Эмир Жоунз Пэрри Коопсуздук Кеңешинин бардык беш өлкөсү Иран ядролук курал жасабашы керек деп эсептешээрин мындайча билдирди:

- Беш мүчө-мамлекет Иран ядролук куралга ээ болбош керек деп бир ооздон айтышты. Экинчиден биз эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу жоопкерчилиги ар дайым биздин мойнубузда деп макулдаштык.

Бирок Кытайдын элчиси Ваң Гуая бул маселеде башкы жоопкерчилик Коопсуздук Кеңешинде эмес, МАГАТЭде болуш керек деп айтты. Ал эми Орусиянын элчиси Андрей Денисов Коопсуздук Кеңеши кабыл алган билдирүүгө кандай карайсыз деген суроого "мындай маселеге эч ким аралашкысы келбейт, бирок биз Иранга ачык-айкын катуу билдирүү жасадык" деди.

XS
SM
MD
LG