Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

АКААРАТ ЖАНА СӨЗ ЭРКИНДИГИ


Маалымат каражаттарында жек көрүү сезимин козуткан акааратчылыкты жөнгө салуу керекпи,эгер керек болсо муну кантип сөз эркиндигине кедергиси тийбегидей кылып жасоо зарыл? Дал ушул маселе бүгүн Будапешттеги борбордук Европа университетинде ачылганы жаткан конференциянын башкы темасы болот.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча бөлүмүнөн Миклош Харасти конференциядагы талкуулардын бирине жетекчилик кылат. Анын айтымында, жыйында Мукамбет пайгамбарга тартылган тамаша сүрөттөрдөн келип чыккан жагдайлар гана эмес, жалпы эле проблеманын кеңири чөйрөсү талкууланат.

Ошентсе да Харасти бир маселени атайын бөлүп көрсөттү. Атап айтканда, мусулман дүйнөсү үчүн Мукамбет пайгамбар канчалык ыйык болсо, Европада сөз эркиндиги да ошондой ыйык асылнаркка айланды. Бирок мунун баары маалымат каражаттары адамдардын өз ара жек көрүү сезимин козуткан ар кандай акаарат сөздөрдү каалагандай колдонуп, каалагандай айта берсе болот дегенди билдирбейт. Андай болсо мындай практиканы чектеп, бирок аны сөз эркиндигинин принциптерине каршы келбегидей кылып кантип жүзөгө ашырса болот? Мына ушул проблема конференцияда талкуулардын өзөктүү темасы болот.

Харасти улуттук,диний жана башка араздашууларды тутанткан аракеттерге каршы чараларды көп өлкөлөрдө сөз эркиндигин ооздуктоо максатында пайдаланып жатышканын да белгилеп өттү. Сөз эркиндиги сындын, ар түрдүү көз караштарды, пикирлерди айтуунун да максималдуу эркиндигин талап кылат. Бирок талашсыз ушул эреже көп эле мамлекеттерде катуу каяшага,каршылыктарга учурап жатат, дейт Харасти.

Кылапат сөздүн, жаман акаараттын олуттуу кесири да болот,атүгүл арты согушка алып келиши да мүмкүн. Мисалы,постюгославиядагы уруштарды алсак,аларга мамлекет тарабынан көкүтүлүп,телеэкрандардан бир улутту экинчи улутка тукурган, жек көрүү сезимин козуткан сөздөр себеп болгонун көрө алабыз, дейт Харасти.

Будапешттеги конференция,Харастинин айтымында, бул чөйрөдөгү проблемалардын түгөл баарын бир отуруп чечип салганга мүмкүндүк бербейт. Бирок ушул жана башка толгон-токой маселелердин тегерегинде пикир алышып, өз ара түшүнүү,демек,сөз эркиндигин,анын уңгулуу принциптерин бекемдөө багытындагы кадамдардын бири болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG