Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

РЫСПЕК АКМАТБАЕВДИН ТАЛАМДАШТАРЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Кубат Чекиров, Бишкек. Депутаттык жарыштан чыгарылган Рыспек Акматбаевдин миңден ашык жактоочулары Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Р. Акматбаевдин депутаттыкка талапкерлигин калыбына келтирүүнү жана премьер-министр Ф. Куловду кызматынан кетирүүнү талап кылууда.

Нааразылык митингисине чогулгандар колдоруна Рыспек Акматбаевдин депутатыкка талапкерлик каттоосун калыбына келтирүү жөнүндө ураан чакырыктарды көтөрүп алышкан. Алар мүдөөлөрү аткарылмайынча каршылык акциясын токтотпой турганын белгилешип, БШК төрагасы Т. Абдраимов менен Өкмөт өкүлдөрүнүн чыгып жолугушуусун талап кылууда.

Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык жыйынына чогулгандар негизинен Ысыккөл тараптан келгендер. Буларга таламдаш атуулдар башка аймактардан да келери айтылууда.

Чогулгандарга Бишкек шаарынын прокурору Учкун Каримов келип, кырдаалды курчутпоого чакырып, мыйзамдык тартипти бузууга жол берилбей турганын эскертти.

Рыспек Акматбаев тартип сакталат деп жооп айтып, премьер-министр Ф. Кулов кызматынан кеткенде гана нааразылык акциясы таркай турганын билдирди.

Өкмөт үйүнүн туш тарабын милиция күчтөру курчап, кырдаалды көзөмөлгө алып турат.

Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан Р. Акматбаев 30-мартта БШКнын чечими менен жарыштан чыгарылган болчу. Боршайком бул талапкердин мурда соттолгондугу жоюла элек жана ал акыркы беш жылы Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес негизде ушундай чечим кабыл алган. Бул чечимге Р. Акматбаевдин таламдаштары нааразы болуп, кечээтен бери каршылык акцияларына чыгууда.

XS
SM
MD
LG