Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Бишкекте элди санааркаткан талап-тоноолор болгон жок


БИШКЕК. Бишкекте бүгүнкү түн тынч өткөнүн, эч кандай баш-аламандык, талап-тоноо окуялары болбогонун шаардык Ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнөн тастыкташты. Кечээ кечинде президент Курманбек Бакиев жергиликтүү телекөрсөтүү аркылуу калкка кайрылуу жасап, Бишкекте эч кандай тартипсиздик, баш аламандык болбостугуна элди ишендирген. Анткени кечээ ак үйдүн алдындагы миңден ашуун адам катышкан нааразылык акциясынан улам шаар тургундарынын арасында былтыркы 24-марттагыдай талоончулук болуп кетеби деген кооптонуулар пайда болгон эле. А түгүл айрым дүкөндөрдөгү сатуучулар буюм-тайымдарын ташып чыгып кете башташкан.

XS
SM
MD
LG