Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:35

Аптанын баш каарманы - БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов


№69 Балыкчы шайлоо округунан талапкер болуп катталган Рысбек Акматбаевдин жарышка катышуу укугунан ажыратылышы өтүп бараткан аптадагы коомчулуктун көңүлүн бурган ири окуя болду. Мындай чечимди кабыл алууда башкы орунду Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдыраимов ээледи. Кыйла убакыттан бери арабөк келаткан бул маселеге байланыштуу шайлоо комиссиясынын жана тиешелүү тараптардын өкүлдөрүнүн күтүүсүз чакырылышы байкоочуларда ушундай пикирди жаратты.

Төраганын мындай кадамы комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн сынына да кабылды. Маселен, Көкүмбай Турусбеков күн тартибиндеги маселе менен алдын ала тааныштырбай койду деп төрагага кине койду. Бирок, Абдыраимов өзүнүн мыйзам чегиндеги укуктарынан пайдалангандыгын айтып чыкты:

- Материалдарды мен таанышууга такай сунуштап турам. Бирок, силер билесиңер БШК мүчөлөрү коомдук башталышта иштешет. Алардын негизги жумуштары боюнча иш сапарларга кетип, бул жакка келбей калышат. Ошол эле учурда Турусбеков же башкалар тааныша албай калса, бул төраганын маселеси эмес.

Кийинчерээк Туйгунаалы Абдыраимов журналисттерге берген интервьюсунда ушундай чечимге барууда аны күтүп жаткан коомчулуктун көпчүлүк өкүлдөрүнө таянганын айтты.

Анткен менен биртоп саясатчылар кылмыш жасагандыгынан шектелген Рысбек Акматбаевдин шайлоодон четтетилишин саясат менен жүйүр байланыштырышты. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаевдин көз карашында, эгер, жагдай чынында эле тыкыр иликтенген болсо БШК мурда эле бул маселени бир ыктай чечип коймок. Саясатчы бийлик бул маселеге аралашкан болуу керек деп бүшүркөйт:

- Эгер бийликте кеп болбогондо, иштин жагдайына караганда эчак эле чечип коймок да. Жагдайды карап туруп анан буруп атышпайбы.

Ал эми саясат таануучу Карыбек Байбосунов Рысбек Акматбаевдин маселесин БШК жалгыз чече турган маселе катары санабайт:

- Боршайкомдун чечиминин эң негизги фактору, мотивациясы болуп эл аралык уюмдардын, эл аралык коомчулуктун, элчиликтердин, ЕККУнун нааразылыктары болуп эсептелет. Демократиялык мамлекеттердин өкүлдөрү силер кылмышкерлерди бийликке алып келе берсеңер келечегиңер кайда барат деген маселени кабыргасынан койгондон кийин гана боршайком ушундай чечимге келип отурбайбы. Болбосо кылмышкерлер менен сен жакшы, мен жакшы деп жашынмак ойноп жүрө бермекпиз.

Акматбаевдин өзүнүн тарапкерлери болсо бул чечимди өкмөттүн кысымы менен чыкты деп жатышат. Нааразылык акциясында БШК төрагасы Туйгунаалы Абдыраимовго каршы талаптардын айтылбагандыгынын жөнүн да ушуну менен түшүндүрсө болот.

Бирок, Акматбаевди шайлоодон четтетүү тууралуу маселенин көтөрүлүшүн шарттаган кайрылуу ээлеринин бири «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов мыйзамды аткарууну талап кылууга бардык башка тараптар сыяктуу эле өкмөттүн да укугу бар деп эсептейт. Ошентсе да Байсалов БШКнын бул маселени эмне себептен создуктурганын түшүнбөйт:

- БШК эки-үч күн мурун эле силердин даттанууңар жарабайт деп коюп, кайра бизди колдогону мага деле түшүнүксүз болуп турат.

Дагы бир белгилеп койчу жагдай, БШКнын маалымат кызматы 20-мартта билдирүү таратып, анда Рысбек Акматбаевди шайлоодон четтетүүгө негиз жогун билдирген эле. Ага чейин бул маселеге Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, райондук, шаардык сот да кайрылып, сыпайы билдирүүлөр менен чектелишкен. Аталган тараптарга таянган төрага акыркы чечимге негиздүү документтер маалымат кызматы билдирүү тараткандан кийинки мөөнөттө аныкталгандыгын кыйытты. Бирок, БШК мүчөсү Сариев комиссия мүчөлөрүнөн макулдуксуз таратылган бул позицияны төраганын катачылыгы катары санайт. Ал эми Турусбековдун оюнда төрага үчүн маселени жеке өзү чечүү өнөкөткө айланып баратат:

- Бул эле талапкер эмес, БШКга түшкөн башка материалдар менен деле БШК мүчөлөрү тааныштырылбайт. Маалымат каражаттары аркылуу эле таанышып калып жатабыз.

Мындай сын Туйгунаалы Абдыраимовдун өзүнө деле чоочун эмес. Анткени, төрага боло элек кезинде мурдагы төрага Сулайман Иманбаевди ушул өнүттө БШКнын мүчосү катары сынга алган учурлары журналисттерге маалым.

Он жылдан бери саясатта келаткан Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Туйгунаалы Абдыраимов БШКнын төрагасы болуп март окуясынан кийин дайындалган. Өткөн бир жылга чукул аралыкта ал төрагалык кылган БШК президентти жана айыл өкмөттөрүн шайлоону уюштурду. Экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеваны Жогорку Кеңешке депутаттык укуктан ажыратты.

Бул саясий окуялар аркылуу Абдыраимов өзүн президент Курманбек Бакиев баштаган таасирдүү саясатчылардын сынынан жакшы өтүп алды деп жүрүшөт.

Рысбек Акматбаев уюштурган нааразылык чаралары Туйгунаалы Абдыраимовдун тушундагы коомчулуктун көңүлүн бурган экинчи чоң акция болду. Буга чейин президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартканына нааразылык билдирип көчөгө чыккан Урмат Барыктабасовдун жактоочулары былтыр 17-июнда өкмөт үйүнө кирип барышкан. Бирок, бул эки саясий окуяда тең БШК көз жаздымда калып, чечимдер ак үйдүн тапшырмасы катары кабылданды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG