Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

ЭЛАРАЛЫК КОСМОС СТАНЦИЯСЫНА БРАЗИЛИЯДАН АЛГАЧКЫ АСТРОНАВТ БАРДЫ


Россиялык “Союз” космос кемеси бүгүн Эларалык станцияга жетти. 2 күн мурун учурулган кеменин экипажы бразилиялык алгачкы астронавт Маркос Понтес, америкалык Жеф Уильямс жана россиялык Павел Виноградовдон турат.

"Союз" станциянын орбитасына эртең менен эрте кирди. Бир жарым саатча космонавттар жабдыктарды текшерип, андан кийин гана станциянын эшигин ачышты.

Биринчи болуп станцияга бразиялиялык астронавт кирди. Ал дароо өз өлкөсүнүн желегин алып чыкты.

-Сиздер 3 мамлекеттин өкүлдөрү катары бүт дүйнөгө кайрыла аласыңар: адам баласы космосту изилдеши керек. Бирок аны биргелешип гана жасай алабыз, - деди Бразилиянын космос агенттигинин өкүлү.

Учууларды башкаруу борборундагылар 1-апрелдик тамашаларын да кыстара кетишти:

Куттуктайбыз, бүгүн 1-апрель, “Союз” кемесинде башка эч ким калган жокпу?

Станциядагылар ага:

Биз жакшылап текшердик, - деп жооп беришти.

Маркос Понтес АКШда машыгып, америкалык чөлмөк менен учмак. “Columbia” кемеси кыйрагандан кийин ал пландар ишке ашпай калып, Россия бразилиялык астронавтка космоско барууга мүмкүнчүлүк берди.

Ал эларалык станцияда 1 жума болуп, бир катар эксперимент өткөрөт.

9-апрелде Понтес октябрдан бери станцияда иштеп жүргөн америкалык Билл Макартур жана Валерий Токарев менен жерге кайтып келмекчи. Уильямс менен Виноградов болсо космосто дагы 6 ай болушат.
Июль айында аларга германиялык Томас Ройтер кошулмакчы.
XS
SM
MD
LG