Азия аймагындагы өнүгүп келаткан 16 өлкөнүн улуттук курама командаларынын ортосунда “Чакырык кубогунун” таймашуулары Бангладештин Дака жана Читагон шаарларында жүрүүдө.
Кыргызстандын тандалма командасын Нарындын “Дордой- Динамо” командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов баштап барды. Ушул эл аралык мелдештин максаты тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын Жогорку Лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери Дастан Конокбаев мындай деди:
- “Чакырык кубогу” Азия аймагындагы ѳнүгүп келаткан мамлекеттерде футболдук чеберчиликти өстүрүү, футбол дүйнөсүнө аралашып, достошуу максатында өтүүдө. 16 ѳлкѳнүн командалары 4 топко бѳлүнүп атаандашууда. Кыргызстандык футболчулар Макао, Пакистан жана Тажикстан ѳлкѳлѳрү менен бир топко түштү. Ошондой эле тандалма командалардын машыктыруучулары үчүн семинар- кеңешмелер дагы белгиленген.
Бүгүн, 2- апрелде Бишкек убактысы боюнча кечки саат жетиде Кыргызстандын улуттук тандалма командасы алгачкы беттешүүсүн Пакистандын футболчулары менен өткөрөт. Буга чейин мурда 2004- жылы Пакистандын футболчуларын менен эки ирет беттешип, экөөндө тең кыргызстандыктар жеңишке жетишкен. Ал эми 4-апрелде экинчи таймашуу Макао өлкөсүнүн футболчулары менен болмокчу. Бул өлкөнүн командасы менен кыргызстандыктар мурда кийин бир да ирет ойногон эмес.
Ал эми 6- апрелде Тажикстандын тандалма командасы менен оюн болмокчу. Мурда 2004- жылы дүйнө чемпионатынын талапкерлерин иргеп алуу этабында тажиктер менен бир ирет тең чыгышып, экинчи оюнда кыргызстандык футболчулар жеңилүү ызасын тартышкан.
Кыргызстандык футболчулардын эл аралык тажрыйбасы аздыгын, ал түгүл кыргыз футболунан таалим- тарбия алып, чеберчиликке жеткен башка улуттардын ѳкүлдѳрү бѳлѳк мамлекеттерге кетип калгандыктан жергиликтүү калктын жаштарына басым жасоонун зарылдыгын ѳлкѳнүн ѳспүрүмдѳр командасынын машыктыруучу Токтогон Элтинов белгиледи:
-Футбол Бишкек менен Чүй аймактарында гана өнүгүп, алыскы облустарда ага аз гана көңүл бурулат. Ошондуктан эл аралык мелдештерди уюштуруп, ушундай беттешүүлөргө барып туруу зарыл. Ал түгүл жакында эле Тегеранда ѳткѳн Азия футбол фестивалында чеберчилик тѳмѳн экени, тажрыйба аздыгы айгине болду. Кыргызстанда таланттуу жаштар арбын. Аларга жакшы шарт түзүп, камкордукка алуу гана керек. Коңшу өлкөлөрдѳ футболго өзгөчө көңүл бурууда.
Эгерде бул ирет атаандаштарын утуп алса, анда чейрек финалдык таймашуулар 9-апрелде улантылат. “Чакырык кубогунун” жеңүүчүлөрү 16- апрелде аныкталат.