Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Бишкекте сот Рысбек Акматбаевдин арызын кароого киришти


2-апрелде баш калаанын Биринчи май райондук сотунда депутаттык жарыштан чыгарылган Р. Акматбаевдин арызы карала баштады.
Р. Акматбаев Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан. Аны мурда соттолгондугу жоюла элек жана Кыргызстан аймагында акыркы беш жыл туруктуу жашаган эмес деп 30-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы жарыштан четтетип койгон. Р. Акматбаев өзүнүн миңден ашык таламдаштары менен 31-мартта Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында каршылык акциясын өткөргөн. Аларга Президент Курманбек Бакиев өзү чыгып сүйлөшүп, чыр маселени сот менен чечүүгө үндөп, аларды таркаткан болчу.

XS
SM
MD
LG