Кечээ Британ сыналгысындагы маегинде Райc Иракта ички согуш чыгып кетүү коркунучу бар экендигин мындайча мойнуна алды:
– Албетте элди кайраштырып, атуулдук согуш чыгаргысы келген террористтердин ана башчысы ал-Заркави сыяктуу кишилер турганда, ар нерсе болуп кетиши мүмкүн. Анын үстүнө канча жылдан бери диний фракциялардын ортосундагы тирешүүнү кишилер зордукчулук же репрессия аркылуу басып келгендиги да белгилүү. Азыр эми мындай чатакты саясат жана мунаса аркылуу чечүүгө аракеттенип жатышат.
Иракта шайлоо декабрда өтсө да, өкмөт алигиче түзүлө элек. Беш жумадан өлкөдө бери суннилер менен шийилердин тирешүүсүнөн кан төгүү улам күч алууда. Бирок ишембиде Кондолиза Райс Ирак демократияны көздөй баратат деп ырастады.
Ички жаңжалдын айынан, ошондой эле суннилер менен күрдүлөр ал-Жафааринин дагы бир мөөнөткө өкмөт башкарышына каршы болуп жатышынан улам, Ирактын жаңы өкмөтүн аныктоо иши улам кечеңдеп келатат. Кечээ ал-Жафааринин өзү жетектеген шийи альянсы Ирактын биримдигин сактап калуу үчүн, аны иштен кетүүгө чакырды. Кечээ ал-Жафааринин ондогон жактоочулары нааразылык жүрүшкө чыгып, сыртында "демократия" деп жазылган өлүк салынуучу табытты Багдаддын көчөлөрүнөн көтөрүп өтүштү.