АКШнын мамлекеттик катчысы менен Британиянын тышкы иштер министри Багдадга жекшемби күнү келишкен. Бул жерде алар Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жаффари жана президент Жалал Талабани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жолугушууларда бир катар маселелер талкууланды,бирок жаңы өкмөт куруу ишин тездетүү талкуулардагы башкы тема болду.
Парламенттик шайлоодон бери үч ай өтсө да Иракта жаңы өкмөт түзүлө элек. Негизги саясий партиялардын сүйлөшүүлөрү шейиттер менен сүннүлөрдүн ортосуна от жаккан жакындагы кагылыштардан соң туюкка кептелди.
Багдаддагы маалымат жыйынында Кондализа Райс менен Жек Стро колдон келишинче тез арада улуттук биримдик өкмөтүн түзүү зарыл экенин белгилешти. “Ирактын премьер-министри ким болот,бу биздин ишибиз эмес, муну ирактыктар өздөрү гана чечүүгө тийиш”,- деп айтты АКШнын мамлекеттик катчысы. Ошону менен бирге жаңы премьер абройлуу, жалпы коомду баш коштура ала турган лидер болушу керектигин кошумчалап, Райс адамдарды күмөн-күдүккө салбаган саясий процесстин аркасында, эл ишенген лидерлердин жардамы менен гана Ирактагы террордук кыянаттар менен зобун-зомбулуктарды токтотконго болорун айтты. Райс ирактыктар саясий баш аламандыктын, тыйылбаган кооп-козголоңдун шартында жашай албай турганын, элдин чыдамы түгөнүп баратканын белгиледи.
Өткөн ишемби күнү шейиттер альянсынын көрүнүктүү ишмерлери өкмөт түзүү ишин жеңилдетүү максатында азыркы премьер ал-Жаафарини кызматтан кеткенге чакырды. Жаңы кабинет башчылыгына анын талапкерлигин шейиттер өздөрү көрсөтүшкөн эле. Бирок ал күрттөр менен сүннүлөрдүн колдоосун таба алган жок. Эми ага шейиттер арасынан да таасирдүү күчтөр каршы чыга баштады.