Назарбаевтин Россияны “Кудай кошкон кошуна” деп атаганы бар. Былтыр эки лидер 10дон ашуун жолу жолугушуптур. Бул жолу президенттер регионалдык коопсуздук, соода, космосту изилдөө жана башка бир катар маселелерди талкуулашат.
Лондондо жайгашкан Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун аналитиги Жон Маклеод Казакстан Москва үчүн ишеничтүү шерикке айланган деп эсептейт:
Орустардын Украина өңдүү салттуу шериктери менен мамилелери бир топ кыйын учурларды башынан кечирди. Беларуста да бийлик стабилдүү эмес десек болчудай. Грузия менен мамилелер болсо абдан начар. Ошентип, жалгыз Казакстан гана Россия менен биримдикке карата улутчулдук маанайды жое алды. Тараптардын мамилелерин жакшы деп мүнөздөсө болот, ортодо чегара талаштары жок, газ жана мунай тармагындагы алакалар көп жылдарга мерчемделген. Олуттуу проблемалар жокко эсе, Назарбаев Путин үчүн ишеничтүү адамдардын бири.
Казакстандык саясий аналитик Досым Сатбаев Москва менен Астана Батыштын Борбор Азияга болгон таасирин азайтууну көздөшөт деп ырастайт.
МакЛеоддун пикиринде болсо Россия Казакстанды болочок регионалдык лидер катары сыпаттайт:
Саясий жактан алганда, Борбор Азия Россиянын стратегиялык кызыкчылык аймагына кирет. Россиянын бул багыттагы аракеттери өзгөчө америкалыктар Өзбекстандан чегингенден кийин күчөдү. Өзбекстан эмес, Казакстан негизги регионалдык оюнчуга айланды. Анын үстүнө ал Москвага лоялдуу.
Газ менен мунай темасы эки президенттин ар бир кездешүүсүндө козголуп келатат. Казак мунайынын басымдуу бөлүгү орус куурлары аркылуу экспорттолот.
Визитинин маалында Назарбаев Мамлекеттик думада чыгып сүйлөп, каказ акыны, ойчул Абай Кунанбаевтин эстелигин ачуу аземине катышмакчы.