Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

БОРШАЙКОМ АКМАТБАЕВ ЧЫРЫ БОЮНЧА ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛДЫ


Рысбек Акматбаевдин Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкердик укугун калыбына келтирген Биринчи май райондук сотунун чечими негизсиз. БШК төрагасы дүйшөмбү күнү ушундай билдирүү менен чыкты. Анын айтымында, Жогорку Сотко кайрылууну чечкен Боршайкомго Биринчи май райондук соту тарабынан тоскоолдуктар болуп жатат.

Акыркы маалымат боюнча Боршайком Жогорку Сотко арызын дүйшөмбү күнкү иш күндүн соңунда тапшырды. Буга Биринчи май райондук сотунун чечимдин кол жазмасын бербей, кечиктиргени себеп болду. Түштөн кийин уюштурган маалымат жыйынында БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов муну атайын жасалган тоскоолдук катары баалаган:

- Биринчи май райондук соттун чечимин колубузга алмайынча биз Жогорку Сотко кайрылганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок, бүгүн акыркы күн. Кодекстин 28-беренесине ылайык, талапкердин каттоосун шайлоого беш күн калганда гана алууга укуктуу. Эртеңден баштап Акматбаевдин каттоосун алып салууга укугубуз жок. Сотто да андай укук жок.

Анткен менен төрага негизинен сотторго ишенет. Ошондуктан, Акматбаевге байланышкан чечимге кимдир бирөө, анын ичинде мамлекет башчы Курманбек Бакиев таасир этти деген көз караштарды колдогон жок:

- Пикетке келген элге чыгып сүйлөшкөнү, менин оюмча, туура. Ал пикет менен чечилбеш керек, бул иш сотто каралыш керек деди. Бирок, сотто мындай чечилет, андай чечилет деп президент айткан жок.

Абдраимов маалымат жыйынында ошондой эле Акматбаевди талапкердиктен четтетүүгө премьер министр Феликс Кулов таасир эткен жок деп билдирди. Нааразы тарап ушундай пикирде болуп жаткан.

Учурда коомчулуктун көңүлүн өзгөчө буруп турган Акматбаевдин тегерегиндеги окуяларга бүгүн ишин баштаган парламент үн кошпой, көңүл сыртында калтырды. Айрым саясатчылар муну парламенттин позициясы катары баалашты. Журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө макулдук берген бирин-экин депутаттар болсо президенттин Акматбаевдин тарапкерлери менен жолугушуусун жактабай тургандыктарын билдиришип, президенттин билдирүүсүн сотко тапшырма берүү катары кабылдашканын кыйытышты.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов президенттин 31-мартта нааразы тарап менен жолугушуусун кырдаалды курчутпоо аракети катары баалады жана президент сот ишине киришпей тургандыгын ар дайым кайталап келаткандыгын эскертти.

Рысбек Акматбаевге байланышкан маселеге кабатырлануусун ушул эле күнү эл аралык эксперт, Нидерланды парламентинин мурдагы баш катчысы Виллиам Хендрик ви Бофорд билдирди:

- БШКнын чечимин аттап өтүү мен үчүн таптакыр түшүнүксүз. Бул көптөгөн өлкөлөргө тескери таасир калтырабы деп корком. Силер билесиңер ЕККУнун төрагасы да бул жөнүндө айтпады беле.

Бирок, эксперт парламент бир-эки ай ичинде Кыргызстанда чыныгы демократия бар экени далилделерине ишеним билдирди. ЕККУнун төрагасы Гухт Кыргызстанга сапарынын учурунда кылмышкер катары шектүү адамдын бийликке келүү ыктымалдыгын олуттуу проблема катары белгилеген эле
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG