Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:58

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ЖОГОРКУ СОТТО БОРШАЙКОМДУ ЖЕҢИП АЛДЫ


Кыргызстандын Жогорку Соту 3-апрелде түн киргенге чейин жыйын өткөрүп, Рысбек Акматбаевдин депутаттыкка талапкерлигин калыбына келтирген Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул чечимди талашып кайрылган Борбордук шайлоо комиссиясынын дооматын негизсиз деп четке какты, Ушуну менен Рысбек Акматбаев Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттык шайлоого бара турганы анык болуп калды. Бул жакта шайлоо 9-апрелде болот. Мыйзам боюнча шайлоого беш күн калганда талапкерди жарыштан чыгарууга жол берилбейт.

Кечээ, 2-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук соту Р. Акматбаевди депутаттык жарыштан чыгарган БШК чечимин жокко чыгарган. Натыйжада, Р. Акматбаев депутаттык жарышка талапкерлик укугун кайтарып алган. Эми анын талапкерлигин Жогорку сот да колдогон чечим чыгарып отурат.

Р. Акматбаев Балыкчы шайлоо округунан депутаттык орунга ат салышып жаткан. Аны мурда соттолгондугу жоюлган эмес жана акыркы беш жыл Кыргызстанда туруктуу жашабаган деген негизде 30-мартта БШК жарыштан чыгарып салган.

Р. Акматбаевдин таламдаштары БШК чечимине нааразы болуп 30-31-мартта каршылык акциясын өткөрүшкөн. Минден ашык адам Бишкекке чейин келип Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык митингисине чыгышкан. Толкуган калың топко Президент К. Бакиев чыгып, чыр маселени сот аркылуу чечүүгө үндөп атып тараткан.

Ошентип, соңку беш күн удаасы менен Р. Акматбаевдин айланасындагы окуялар Кыргызстандын бүтүн калкынын көңүлүн имерип турат. Бул талапкер киши өлтүрүү менен байланышкан оор кылмыштарга катышы бар деп изделип, сотто суралып жүргөндүктөн, атуулдук коом өкүлдөрү анын шайлоого катышканына каршы болуп жатышат.

Бир катар саясатчылар Р. Акматбаев жогорку бийлик чөйрөсүнөн колдоо тапкан үчүн парламент депутаты болууга аракет кылып жатканын белгилешет. Президент К. Бакиев бийлик шайлоого да, сот иштерине да кийлигишпей турганын билдирип келатат. Премьер-министр Ф. Кулов болсо Р. Акматбаев менен ачыктан ачык касташып келаткан адам катары белгилүү. Ал Р. Акматбаевдин депутат болуп шайланып калышына жол бербөө үчүн анын талапкер катары мыйзамдуу катталганын текшертип чыккан.

XS
SM
MD
LG