Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

ОРУСИЯДА СЛАВЯН ЭЛИНЕ ОКШОБОГОНДОРДУ ЖЕРҮҮ КУРЧУГАНДАН КУРЧУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада 2-апрель күнү да өңү славянга окшобогондорго кол салуу болду. Бул жолу түнүчүндө иштен кийин метродо келаткан НТВ каналынын кызматкери Элхан Мирзоевди скинхеддер тобу сабап кеткен. Ал да Кабарда Балкар жумуриятынын маданият министри Заур Тутов сыңары жараат алып ооруканага түшүп чыккан. «Левада борбору» изилдеген маалыматта азыркы тушта «Орусия орустар үчүн» ураанын калктын жарымынан көбү колдошот. Орусиянын башкы прокуратурасы кечөө министр Тутов менен журналист Мирзоевге кол салууну мурдагысындай «ээнбаштык» беренеси эмес, «улуттук касташуу маанайында» иликтөө салуу керек деп Москва прокуратурасына буйрук берген.

Кабарда-Балкар жумуриятынын маданият министри Заур Тутовду орус улутчул жаштары сабап кетишин маскөөлүк прокуратура ээнбаштык беренеси астында кылмыш ишин козгоптур. Кечөө ошол беренени Орусиянын Башкы прокурору өзгөрткөнүн ИНТЕРФАКС билдирди.
Анын арасында Кабарда-Балкар жумуриятынын президенти Арсен Каноков министрине маскөөлүк улутчул жаштардан кол салышын жогорку бийлик билмексенге салышын сынга алып билдирүү жазаган. Адыгей жумуриятынын президенти Хазрет Совмен да борборго таарыныч аралаш билдирүү жазаган. Көрсө Орусиянын элдик артиси Тутовдун улуту адыгей экен.

Анализчилер болжолунда ушул эки билдирүү Башкы прокуратурага таасир эткен. ИНТЕРФАКС жазганга караганда ал кечөө Маскөөлүк прокуратурага ырчы Заур Тутов менен НТВ кызматкери Элхан Мирзоевди сабоо боюнча иштерди мурдагыдай эмес, Кылмыш кодексинин №112 беренесиндеги 2-бөлүм боюнча «улутуна карап, терисине карап касташуу, динин көралбастыктан же кишинин өзүн душман көрүүдөн улам атайылап анын ден соолугуна зыян келтирүү»,иши боюнча иликтөө жүргүзүүгө көргөзмө берген.

Дагы бир анализчилер болжолунда Питер менен Воронежде каалаганындай чаң салышкан фашисттик жаштар маанайы эми маскөөлүк жаштарга таркай баштаган. Бийликтин улуттар ымаласы менен жаштар маселесине көңүл бурбай келатышы буга себепкер дешет. Санкт-Петербургада 9 жашар тажик кызды бычактап өлтүргөн боз баш балдарды сот жакында ээнбаштык беренеси астында жоопко тарткан. Ал кыздын атасы Юнус Солтанов «Азаттыкка» али да кайда болбосун барып адилеттикти издөөгө даяр экенин айткан:

«Мени кабылдагыдай болсо кимге болбосун барып адилеттүүлүктү издөөгө даярмын. Мага жардам керек. Жакында эле Маскөөдө болдук, бирок натыйжа анча болбоду», - деген Солтанов.

Кийинки учурда орусиялык элдер арасында ырктын кетиши күчөп баратканын жана ал славян элдеринин өкүлдөрү калгандарга кемсинтип мамиле жазай башташынан болуп атканын айтышат. Маселен, адам укугу боюнча бүйрөнүн Маскөөдөгү бөлүгүнүн жетекчиси Александр Брод пикири ушундай:

-«Орусияда азыр өзүнө окшобогондордон коркуу, терисине карап жек көрүү, (башка – ММ) элдер укугун тебейлеп тепсөө маселелери абадан курч», - деди кечөө биздин радио берген суроого айткан жообунда.

3-мартка караган түнү да маскөөлүк метронун «Парк культуры» станциясынан улуту азербайжан, НТВ сыналгысында иштечү Элхан Мирзоевге улутчул жаштар кол салуусу болгон. Ал туурасында «Азаттыкка» Элхан өзү айтты:

-«Скинхед жаныма олтуруп эмне себептен мен Маскөөдө жашап жүргөнүмдү сураштыра кетти. Орусиядан кетүүгө кез келди деп эсептейсиңби деп какшыктады. Анын колунда бөтөлкөдөгү пивону менин башым ылдый куюп ийди. Мен тура калып бир салдым. Ошол замат артымда тургандар бөтөлкө менен баштан ары коюп калышты», - деди башы таңылуу журналист.

XS
SM
MD
LG