Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

4-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бу күнү кыргыз каганатынын атактуу аскер башчысы Чжу-у Хэ-су Кытай ордосуна келген. Орто токой суу сактагычынын акыркы тосмосу буулуп, ал жерде суу топтоло баштаган.

Кытай жазма булактарынын маалыматтарына караганда бу күндөрү Кыргыз каганатынын атактуу аскер башчысы Чжу-у Хэ-су Кытай ордосуна келген. Ал кытай императоруна эки аргымакты тартуу кылып, кыргыздар уйгурлар мамлекетин талкалап, уйгур өкүмдарына чыккан кытай ханайымы Тай-хэни жоокерлердин коштоосу менен кытай өлкөсүнө жөнөткөндүгүн кабарлаган. Тилекке каршы, уйгурлар аларды жолдон тосуп, кошточуларды кырып, ханайымды белгисиз тарапка алып кетишкен.

Ошондуктан император сарай кызматкерине Чжу-у Хэ-суну ханайымды тосуп алыш үчүн Танюнга жөнөткүлө деп буйрук берген.

1937-жылдын 4-апрелинде таанымал коомдук жана саясий ишмер Юсуп Абдрахманов камакка алынган. Анын күндөлүгүндөгү жазууга караганда, Ю.Абдрахманов НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан камалып, ага “контрреволюциячыл троцкисттик уюмда турат” деген күнө коюлган.

Суракка алган тергөөчү Ю.Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Бирок ал кыйнап коюлган кол коюдан жана сурак протоколунан баш тарткан. Кийин ал жалган жалаа менен атылып кеткен.

1955-жылдын 4-апрелинде Орто токой суу сактагычынын өткөөл түтүгү ишке киргизилген. Өткөөл түтүк Орто токой суу сактоого мүмкүндүк ачкан жана Чүй өрөөнүн суу менен камсыз кылууга шарт түзгөн. Ошондой эле Кыргызстандагы айыл чарбанын өнүгүшүнө, ага байланышкан индустриалдык тармактын жанданышына салым кошулган.

Апрель айынын 4 – Интернет жана компьютердин коргоочусу ыйык Исидордун күнү катары белгиленет.
XS
SM
MD
LG