Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

ПАРЛАМЕНТ 24-МАРТТЫ УЛУТТУК МАЙРАМ КАТАРЫ ТААНЫБАЙ КОЙДУ


Аманбек Жапаров,Бишкек Эмгек Кодексине 24-мартты майрам күн катары киргизүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынган жок. Аталган долбоор алты айдан кийин парламентте каралышы мүмкүн. Бул күндү элдик ыңкылап күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоору депутаттар Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев тарабынан парламентке март айынын башталышында сунушталып, депутаттар арасында кайчы пикирди жаратып келген.

Грузиндердин мурдагы президенти Эдуард Шевернадзени кызматтан алашып, грузиндер ал күндү улуттук майрам деп аташкан жок. Боливия, Эквадор, Перуда акыркы он жылда бир дагы президент өз ыктыяры менен кетпестен, мөөнөтүнөн мурда күч менен кетирилген. Алардын ордуна келгендер улуттук майрам деп белгилешкен жок, деген пикирин билдирди экс-спикер Өмүрбек Текебаев. Ал 24-мартты улуттук майрам күнү катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун бир жылдан кийин кароону сунуштады. Анткени жаңы бийликке келген жетекчилердин элге берген убадалырынын канчасы аткарылганына, өлкөдөгү саясий-экономикалык өзгөрүүлөргө карата баа бергенден кийин кайрылса деле кеч болбостугун баса белгиледи.

Анын мындай сунушуна айрым депутаттар макул эместигин билдиришип. Аталган мыйзам долбоорун ушул отурумда кабыл алуу маселесин көтөрүп чыгышты. Алардын бири депутат Улугбек Оморов жакында эле шайлоочуларына барып келгенин, анда карапайым калк 24-марттагы окуяны элдик майрам катары белгилешкендигин билдирди. Бул маселенин демилгечилеринен болгон Дооронбек Садырбаев элдик майрам катары белгилөөнүн негизги себебин мындайча сыпаттады:

-Эң негизинен бул майрамды кыргыз элинин психологиясындагы кулчулук психологиядан кутулган күндүн майрамы катары бааласа жакшы болоор эле. Мен ошол үмүт менен Азимбек Бекназаровго кошулуп кол коюп бергем.

Ал эми айрым депутаттар бул күндү майрам катары белгилөөгө али эртелик кылаарын, 24-мартка карата коомчулукта кайчы пикирлер бар экендигин белгилешти. Депутат Темир Сариев болсо март окуясында менчиктерин жана жер үлүштөрүн тарттырып, буюм- теримдерин талатып жиберген жарандардын күйүтүн эске салып, жаңы бийликтин ыңкылап алдында элге берген убадасынын бири да аткарылбаганын белгиледи.

Депутат Каныбек Иманалиев революционербиз дегендер борбордук аянтта парад өткөрүүнүн ордуна маркум депутат Баяман Эркинбаевге куран окутуп, эскерип коюшса сообу тиймек, деген пикирин билдирди. Анын айтымында, ак үйдү басып алган Эркинбаевдин миң жигити болбогондо, азыркы ыңкылапчылардын максаты ишке ашпай калмак. 24-март элдик майрам катары белгиленсе, ошол күнү мамлекеттик ишкана-мекемелер иштебей, миллондогон сомдор бюджетке түшпөй калат, тескерисинче майрамды белгилөөгө каражаттар бөлүнүп обу жок ысырапталат. Каныбек Иманалиев бул күндү улуттук ишембилик катары белгилеп, көчөт отургузуп, жашылдандыруу колго алынса өлкөгө пайдасы көбүрөөк тийет деген пикирин билдирди.

Парламенттеги кызуу талаш-тартыштан кийин депутаттар Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев сунуштаган 24-мартты элдик ыңкылап күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен өтөпөй калды.

XS
SM
MD
LG