Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Ысыккөл райондук кеңешинин төрагасы шайланды


КАРАКОЛ. Ысыккөл райондук Кеңешинин депутаттарынын уюштуруу сессиясына өз алдынча башкаруу иштери боюнча республиканын улуттук агенттигинин бөлүм башчысы Аалы Жамангулов, облус губернатору Эсенгул Өмүралиев катышып, 213 депутаттык курамдагы кворумдун болушун өлкөдөгү биринчи окуя деп баалашты. Райкеңештин төрагалыгына 5 талапкер көрсөтүлүп, ага архитектордун орунбасары Эшимбек Карасартов шайланды. Депутаттар райондук финансы бөлүмүнүн 2006-жылдагы бюджеттик отчетун жараксыз деп таап, аны кайра карап чыгып эки айдан кийин бекитүүнү сунуштады.

5-апрелде аба ырайы кандай болот?

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 5-апрелде күндүз Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын айрым тоолуу аймактарында гана жамгыр жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24 градус.
Чүйдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25 градус болот.
Ош, Жалалабат, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +7…+12.
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15 градус.
Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +21…+23 градус.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG