Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

ИРАНДЫН УЧКУЛ ТОРПЕДОСУ: ЧЫНДЫКПЫ ЖЕ ПРОПАГАНДАБЫ?


Ирандын мамлекеттик телеканалы мындан эки күн мурда Перси булуңунда өтүп жаткан аскери машыгууларда жаңы куралдын түрлөрү сыналганын шашылыш кабар кылып көрсөттү. Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн орунбасар колбашчысы генерал Али Фадафи дүйнөдө жок ыкчам торпедо жана радарлар байкай алгыс чачырама ракета ийгиликтүү сынактан өткөнүн маалымдады. Бирок аскери эксперттердин көбү буга ишеңкиребей жатышат.

Ирандын учкул торпедосунун суу алдындагы ылдамдыгы,генерал Фадафинин айтымында, секундуна 100 метрге жетет. Бул демейки торпедолордун ылдамдыгынан үч-төрт эсе жогору, душман аны байкаган күндө да иш жүзүндө буйтап кеткенге үлгүрбөйт. Мындай курал дүйнөдө эч кимде жок, деп айтты иран генералы. Ал эми сынактан өткөн жаңы ракета,генералдын айтымында, кырк чакырым жерге жетет жана аны радалар таптакыр байкай албайт.

Генералдын бу сөздөрүн бышыктап,өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки Иран эми ар кандай тышкы агрессиянын мизин майтара аларын белгиледи. “Ирандын аскери жетишкендиктери коркунуч туудурбайт,болгону региондогу коопсуздуктун бир кепилдиги гана болуп саналат”, - деп көрсөттү иран министри.

Бирок эксперттер Иран телеканалындагы кадрларды кылдат карап көрүп, торпедонун жаңы экенинен дароо эле шек санашты. Деңиз куралдары жагынан эксперт,Лондондогу эл аралык коопсуздук иликтөөлөр институтунун кызматкери Жейсон Олдервик ирандыктар сынаган снарядды орустардын “Шквал” торпедосуна салыштырды. “Шквалдын” ылдамдыгы чын эле секундасына 100 метрге жетет,бирок жети километр аралыктагы бутаны гана талкалай алат,башкача айтканда, ал душмандын кемелери чукул келгенде гана коркунучтуу. ”Албетте, ирандыктар сынактардын айрым түрлөрүн өткөрүп, суу алдында атылуучу снаряддарды ракетадай учкул кылганга умтулуп жаткан сыяктанат. Бирок муну суу алдындагы ракета дешкенде, менимче,алар бир топ эле ашыра чаап жатышат”, - дейт Олдервик.

Лондондук дагы бир аскери аналитик Александра Ашборн ирандыктардын айткандары чын чыкса, анда буга абдан таң каларын билдирди. Биринчиден,суу алдында ушунчалык учкул ылдамдыктагы жана алыска жетер торпедону технологиясы өнүккөн өлкөлөр деле жасай элек. Экинчиден, радарлар байкай алгыс ракеталар чөйрөсүндө болгону жарым-жартылай гана кадамдар жасалды, ал көбүнесе “көз жазгырмай” ыкмасына негизденет. “Ирандыктар айткандай,алар бу жагынан Батышка теңелип, атүгүл андан ашып кетсе,мен буга чындап таң калмакмын”, - дейт Ашборн.

Москвадагы стратегиялар жана технологиялар анализи борборунун илимий кызматкери Дмитрий Василев да Иран технологиялык жактан мындай куралдарды жасаганга чабалдык кыларын, бул үчүн ондогон жылдар,көптөгөн сынамыктар керек болорун белгиледи.

Россиялык НТВ “Шквал” торпедосу учурунда Ысыккөлдө сыналганын эске салды. Эксперттерге шилтеме жасап,НТВ Союз таркаган соң аны Кыргызстан Кытайга саткан болуу керек, ал болсо ирандыктарга берсе керек деп божомол жасады.

Башка бир байкоочулар Иран Түндүк Кореянын тактикасына өттү деген кыязда: аскери чөйрөдөгү өз жетишкендиктерин канчалык ашырып көрсөтсө, Батыш аны текшере албайт. Бирок мунун пропагандалык пайдасы сөзсүз болот.

XS
SM
MD
LG