Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛ ЕВРОПАЛЫК БИРИМДИК ӨКҮЛҮНҮН КӨЗ КЫРЫНДА


Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Ян Кубиш бүгүн Кыргызстанга cаясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушаары күтүлүп жатат. Евробиримдиктин өкүлү Бишкекке кечээ үч күндүк сапар менен келген.

Евробиримдиктин өкүлү Ян Кубиш Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруу сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке келди. Ал келген күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, премьер министр Феликс Кулов, тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту. Жолугушуулар дээрлик чакан чөйрөлөрдө өттү. Маалымат кызматтарынын кабарлагандарына караганда, тараптар негизинен март ыңкылабынан кийинки Кыргызстандагы коомдук-саясий жагдайды, кызматташтыктын багыттарын талкуулашты. Премьер- министр Феликс Кулов менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна берген кыскача жообунда талкууланган маселелер тууралуу Ян Кубиш буларга токтолду:

- Мен реформа жана экономикалык ишмердүүлүккө байланыштуу белгиленген пландардын ишке ашышына кызыктым… Премьер-министрдин маалыматын уктум.

Ал эми премьер-министрдин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Кубиштин суроосуна жооп берип жатып, Кулов коопсуздук кызматы чарбалык иштер менен эмес, баңги соодасына, курал сатууга жана экстремизмге каршы күрөшүү багытында иш алып баруусун, ал эми кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү үчүн сот тармагынын ачык-айкындыгын жактай тургандыгын билдирди.

Ян Кубиш премьер-министр менен жолугушаардан мурда Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолуккан болчу. Жолугушууга катышкан Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш комитетинин төрагасы Карганбек Самаковдун айтымында, талкуунун нугу негизинен өз ара алакаларга бурулду. Кубиш Евробиримдик Кыргызстанга буга чейин иштеп келген ТАСИС программасынан тышкары да колдоо көрсөтүү ниети барын билдирди:

- Ошол ТАСИС программасынын алкагында Кыргызстанга буга чейин 68 миллион евро жардам берилген. Кыргыз парламентинде Кыргызстан менен Евробиримдиктин карым-катышын мындан ары дагы күчөтүү максатында сиздердин кандай сунушуңуздар бар деген гана маселеге токтолду бүгүн.

Мындан тышкары парламенттеги жолугушууда тараптар Конституциялык реформанын, сот жана тартип коргоо тармактарындагы жагдайды талкуулашты. Марат Султанов өз сөзүндө парламент ишмердүүлүгүн социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатын көздөгөн мыйзамдарга көбүрөөк маани берип жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле төрага март окуясынан кийин коомду ынтымакташтырууга парламент өзүнүн олуттуу салымын кошуп жатат деген көз карашын айтты.

Ян Кубиштин бүгүн Бишкекте саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү менен бейформал жолугушуусу күтүлүүдө. Ал эми президент Курманбек Бакиев менен жолугаар жолукпасы али ачыктала элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG