Атуулдук коомдун өкүлдөрү Жогорку соттун мындай чечимин сынга алып, ал Ак үйдүн кысымы менен кабыл алынды деген көз караштарын билдиришүүдө. Бул тууралуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов мындай дейт:
-Рыспек Акматбаевден коркуштубу, же саясий максаттарды коздөп жатышабы, же Феликс Куловго каршы кадам болуп жатабы, айтор, менин пикирим – Жогорку соттун мындай чечимине Ак үйдүн таасири тийди .
Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов өз кезегинде Рыспек Акматбаевге байланыштуу сот чечимине Ак үйдүн кысымы болгон деген пикирлерди четке кагып, соттун бүтүмү мыйзамдардын негизинде кабыл деп билдирди:
Рыспек Акматбаевге байланыштуу туура чечим кабыл алынды. Ак үйдөн эч кандай таасир болгон жок. Акматбаевдин соттолгондугу жоюлган. Ал эми отурукташуу цензи боюнча. Ал издөөдө жүргөн мезгилинде сурак протоколдорунда башка өлкөлөрдө жашагандыгы тууралуу көрсөтмө берген экен. Биринчиден, шаардык сот ал протоколдорду, же алардын көчүрмөлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясына бербеши керек эле. Берген кезде да ал башка мамалекеттерде ал туруктуу жашаган деп далил болуп эсептелбейт. Ал эми паспортунда бул жерде жашаган деп турат ».
Жогорку соттун Рыспек Акматбаевдин иши боюнча чечимине байланыштуу 4-апрелде Орусиянын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда «Кыргызстандын жетекчилиги жергиликтүү криминалитеттин өкүлдөрүнүн бийлик органдарына кирүү аракеттерине бөгөт койо алат деп үмүттөнөт…Бирок, Орусиянын бул өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү ниети жок. Орусия бул өлкөнүн стабилдүү шарттарда өнүгүшүнө кызыкдар…», - деп жазылган Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Кыргызстандагы айрым саясий партиялар да Рыспек Акматбаевге байланыштуу Жогорку соттун чечимин сынга алышууда. Буга байланыштуу «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мындай дейт:
«Эми укуктук мамлекетте мындайга жол берилбеши керек эле. Борбордук шайлоо комиссиясы деле кандайдыр бир негиздер менен Рыспек Акматбаевди шайлоодон чыгарса керек эле… Эми мен бул эмне болуп жатканын билбей калдым…».
Ал эми 31-мартта Ак үйдүн алдындагы митингде Рыспек Акматбаев ал үчүн башкы маселе депутат болуу эмес, премьер-министр Феликс Куловду кызматынан кетирүү экендигин билдирген:
Мен депутат деле болбой эле койом, саясатка деле барбайм. Мен ансыз деле жүргөнмүн. Кулов кетсин… Мен ошону үчүн келдим….
Рыспек Акматбаев талапкерлигин көрсөткөн Балыкчы окуругунда шайлоо 9-апрелде болот. Мыйзам боюнча шайлоого беш күн калганда талапкерди жарыштан чыгарууга жол берилбейт.