Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

5 МҮНӨТҮ КЕМ ДЕПУТАТ, КУШ САЛУУ, “HIPC”


Шаршембидеги гезиттердин негизги темасы Жогорку сот тарабынан Рысбек Акматбаевге депутаттыкка ат салышууга жол ачып берген чечими болду.

«Рысбек ким бул жерде кожоюн экенин көрсөттү!» Бул «Дело №» гезитиндеги Светлана Красильникованын макаласы. Айтса ушул эле гезитте президенттин кеңешчиси Болот Шамшиевдин «3 жылдан кийин Кудай буюрса, жакшы жашайбыз» деген маеги жарыяланган.

«Р.Акматбаев беш мүнөтү кем депутат» деп жазат шаршембидеги «Республика» гезитинде Солто Темир.

«МСН» гезитинде Дарья Малеванаянын Кыргызстандын саясий асманында дагы бир жаңы жылдыз пайда болгонун баяндаган «Рыспектин пайдасына 2:0» деген макаласы чыкты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Р.Акматбаевдин иш-аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок деп толугу менен аны актап койгон, деп белгилейт макала автору.

Басылманын жаңы санында энергетикадагы абал, техникалык-коммерциялык жоготуулардын көбөйүп баратканы, жагдайдан чыгуунун бир жолу катары энергетиканы жеке колго өткөрүү аракети жүрүп жатканы тууралуу макалага да орун берилген. Анын автору журналист Лариса Ли «Энергетика караңгыдагы жарык эмес, ал биздин экономиканын караңгылыгы» дейт.

Шаршембидеги «Белый пароход» гезити да Р.Акматбаев темасына кайрылган. Рафик Муратов Рысбектин сааты келгенин, сот менен Борборшайлоокомдон өтүп эч ким Р.Акматбаевдин атын мынчалык дүңгүрөтпөгөнүн, саясатка аралашып аткан адамга мындан өтөр реклама жоктугун белгилеген.

Рысбектин өкмөт башчысын кызматтан кетирүү демилгесин жарыя кылганына бышыкулак деле болуп калбадыкпы, деп жазат ушул эле гезитте Ибрагим Рустамбек «Бакиев менен Куловду ким чакырды эле?» деген макаласында.

Гезитте Елена Маслакованын Сауд Арабстандын кордолуу байлары куш салып көңүл ачышка Кыргызстандын шумкарларына кызыкдар экени, жашырын базарларда анын баасы 20 миң долларга жетерин баян кылган макаласына да орун берилген.

«Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгы саясий эксперт Нуридин Нураковдун «Парламент республикасы бизге керекпи?» деген макаласын жарыялады. Азыркы парламенттин эл арасында баркы өтөле төмөн. Айрым депутаттардын кылмышкер деп айыпталынып жаткандарды камактан бошотуп алууга көмөк көрсөткөндөрү өзүнчө сөз кылууга арзыйт, деп белгилейт макала автору.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөн алган карызы 2 миллиард доллардан алдакачан ашкан. Ушу тапта кызуу талашты жаратып жаткан HIPC программасына кирүү-кирбөө кедей Кыргызстан үчүн турбаш керек. Кыргызстан жыл сайын 100 миллион доллар төлөп турушка кудурети келбейт. Буга чейин карыздардын эң оору 40 миллион долларды төлөй албай эси эки оогон өлкө 800 миллиондон 1,3 миллиардка чейинки карызын кечтирип алса утушка гана ээ болмок. Анткен менен программага кирсе Кыргызстандын кадыр-баркы түшүп, кредит берчүлөрдүн аягы суюлары турган иш, деп белгилейт «АиФ Кыргызстан» гезити.

«Московский комсомолец Кыргызстан» гезитинин маалымдашынча, 2005-жылы Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар өз жерине 200 миллион ашуун доллар акча жөнөтүшкөн. «Акча аябай көп келүүдө. Мунун кыргыз экономикасы үчүн чоң коркунучу бар. Бара-бара эмгек мигранттары жакындарын алып биротоло орусиялык болуп кетиш коркунучу башбактап турат» деп маалымдайт «МК Кыргызстан» гезити.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG