Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

КЕМИНДЕ АЙДАР АКАЕВДИ ЧАКЫРЫП АЛУУ ДЕМИЛГЕСИ БАШТАЛДЫ


Кеминдин тургундары жана айрым саясий партиялар Айдар Акаевдин депутаттык мандатын кайра чакырып алуу демилгеси менен чыгышты. Алар азыркы учурда парламентте өкүлү жок болгондуктан, Конституциялык укуктары корголбой жатканын белгилешет.

Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин көтөрүп жаткан партиялардын бири “Асабанын” мүчөсү Дербишалы Сыдыгалиевдин айтымында, Айдар Акаев депутат болгондон тартып шайлоочуларга эч кандай жардам көрсөткөн эмес.

- “ Кемин районунун кызыкчыгын коргой турган жаңы депутат керек, Айдар Акаев мыйзамга каршы депутат болуп отурат. Мына ар кайсы айылдарда тургундар жаңы депутат керек деп чыгып жатышат. Талабыбызды айтып турган Жогорку Кеңеште киши керек”,- дейт Дербишалы Сыдыгалиев.

Анын айтымында, бул округ боюнча депутат болуу оюнда бар саясатчылар да толтура. Мисалы, Темирбек Акматалиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жоомарт Оторбаев, Бермет Акаева да талапкер болуп чыгат деген сөздөр чыгууда.

“Жогорку Кеңештин регламенти” тууралуу мыйзамга ылайык депутат бир сессиянын аралыгында ишке чыкпаса, анда аны шайлоочулары депутаттыктан чакыртып ала алышат. Алгач ирет төрага кийинки сессия башталгандан кийин бир ай ичинде бул суроону депутаттардын кароосуна коюусу керек. Андан соң бул маселени кароо үчүн 15 кишиден турган атайын комиссия түзүлөт. Эгерде депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү колдоп берсе, бул иш БШКга тапшырылат. Ошондо гана депутаттын округунда шайлоо өткөрүлөт.

Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын Чүй облусу боюнча башчысы Анаш Сейитказиев болсо бул маселеге башкача көз карашта. Анын айтымында, төрага бул маселени кароого койгон соң эле депутаттар добуш берүүгө өтсө болот.
Анаш Сейтказиев парламентти дароо таратууга мумкун болбогондон кийин мурдагы режимдин депутаттары делген адамдарды мандаттан ажыратуунун он болуп турганын белгиледи:

-Мурда эле парламентти таркатып жибергенде, мындай проблемалар болбойт эле. Татыктуу 75 депутат шайлап алмакбыз. Мына көрүп жатабыз парламентте кандай депутаттар отурат.

Экс-президент Аскар Акаевдин адвокаты Акин Токталиев Айдар Акаевге өз мекенине келип депутаттык милдеттерин аткарууга анын коопсуздук маселеси тоскоолдук кылып жатканын белгилейт.

-Айдар Акаев жардам бербей жатат деген сөздөргө мен кошула албайм. Кемин районунун тургундарынын айтымында, атасы Аскар Акаев он төрт жыл ичинде жасабаганды Айдар Акаев жарым жылда жасады. Мектеп, бала-бакчаларга чоң жардам берген. Эми азыр ал өз коопсуздугуна байланыштуу колдоо көрсөтө албай турат. Ал эми Айдар Акаевге каршы чыгып жаткандардын ою белгилүү. Кеминдин шайлоочулары алардын депутаты кырсыкка кабыл болгон соң эле ага колдоо көрсөткөндөн баш тартып ушинтип каршы чыгып жатышканы мени таң калдырат.

Ушул жылдын февраль айында депутат Айдар Акаевди колдоо боюнча Кеминде митинг өткөн. Анда Айдар Акаевди куугунтуктоону токтотуу, Мекенине кайтып келип, депутаттык милдетин аткарсын үчүн ага коопсуздук шартын түзүү жөнүндө талаптар көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG