Айрым маалымдоо каражаттарында кабарланган Ирандын «Мисак – 1» торпедосу деңиз урушунда 7 чакырымга чейинки бутаны талкалай атууга жөндөмдүү жаңы курал. Бирок да расмий Тегеран үмүт арткан ал торпедо те социализм тушунда Кыргызстандын Ысыккөлүндө сыноодон өткөн советтик «Шквал» деген торпедонун эле өзү экени, союз ыдырагандан кийин ал Кытайга сатылып, андан Иранга берилгени жөнүндөгү божомолдор ушу тапта айрым маалымдоо каражаттары аркылуу таралууда.
Кыргызстандын Коргоо министри Исмаил Исаков андай торпедо чыгарылбагандыгын, бул жерден экинчи бир өлкөгө сатылышы мүмкүн эместигин «Азаттыкка» берген маегинде ырастады.
- Биздин андай торпедобуз жок. Биз атайын чыгарып башка жакка сатпайбыз. Жанагы патрондорду сатты же сатпады деп айтса болот эле. Айтат элек аны саттык же сатпадык деп. Ал эми торпедо боюнча, бизде деңиз аскер күчтөрү жок, андай куралдарыбыз да жок. Андай куралдар сатылганын билбеймин. Бул жерде Орусия федерациясы өздөрүнүкүн чыгарышат. Мен алардын саткан-сатпаганын айталбайм. Себеп дегенде, билбеген нерсени биз кантип сатып жатышанын айта алабыз?
Кыргызстанда советтик аскер өнөр жайына керектүү айрым куралдар мурда чыгарылып келген. Ошондой ишканалардын бири мурдагы Физприборлор заводу, азыркы «Дастан» акционердик коомунда торпедолорго керектүү айрым деталдар, медициналык жабдуулар жасалат. Ишкананын башкы инженери Аскар Даминов Кыргызстанда чыкпаган, бул жерде жок аскерий курал үчүнчү бир өлкө аркылуу Иранга сатылышы мүмкүн эмес деп «Азаттыкка» билдирди.
Белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиев совет кезинен Ысыккөлдө жаңы үлгүдөгү торпедолор сыноодон өткөрүлөрүн, бирок да алардын ар бири кылдат текшерилип, коопсуздук чаралары катуу сакталып келатканын айтат.
- Торпедо башка жактан чыгарылат. Бул жерге алып келинет. Бул жерден комплектилерин коюп, сынактан өткөрүшөт да анан алып кетишет. Аны жоготуп же сатып ийиш мүмкүн эмес. Эгерде Кыргызстанга келген торпедолор сатылды деген сөз болсо аны ошол орусиялыктар өздөрү бул жерге алып келген торпедолорунун бирөөнү сатып ийиши мүмкүн.
Айрым адистердин болжолунда, Кыргызстандан Кытайга андан Иранга сатылышы ыктымал делинип жаткан жаңы аскерий курал «Мисак – 1» торпедосунун айланасындагы учурма уу-дуу кептин чыгышына соңку кездердеги саясий абал, Иран менен Батыш өлкөлөрүнүн өзөктүк энергия маселеси боюнча талаш-тартышы өбөлгө түзүп атат шекилдүү. Ирандын жаңы бийлигинин Батыш өлкөлөрүн сестентчү айрым бир билдирүүлөр менен кез-кез чыга калганы, ага кошумча расмий Тегеран өзөктүк энергияны өндүрүп чыгаруу аракетине киришерин жарыя кылганы биртоп өлкөлөрдү сестентип туру.
Мунусу аз келгенсип Ирандын кийинки аскерий-деңиз машыгууларын өткөргөнү артынан биртоп жоромолдорду ээрчите келди. «Мисак – 1» торпедосунун айланасындагы учурма кептердин жайылышына Тегерандын өзөктүк энергия планын Орусия менен Кытайдын колдоп чыгышы да кадыресе себеп болду, дейт Орозбек Молдалиев. Иши кылып, лөк мамлекеттердин ич ара тирешине орто жолдон Кыргызстандын кыпчылып калганы ансыз да толгон-токой экономикалык-саясий проблемалардын төөбастысынан чыга албай турган өлкөнүн эларалык кадыр-баркына көлөкө түшүрүшү деле ыктымал.