Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

6-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бу күнү айтылуу кыргыз инсаны Шабдан баатыр дүйнөдөн кайткан.

Бу күн кыргыз тарыхы үчүн кайгылуу даталардын бири экендиги талашсыз. 1912-жылдын 6-апрелинде көрүнүктүү коомдук ишмер, кыргыздын таанымал тарыхый инсаны Шабдан Жантай уулу дүйнөдөн кайткан. “Тарых кыргыз Шадмания” эмгектин автору Осмонаалы Сыдык уулунун жазганына ылайык, Шабдан баатыр жума күнү түшкү намаз маалында үзүлгөн.

Баатырдын балдарына айтылган орус бийлигинин көңүл айтуулары, алардын даража, деңгээли жана анын жаркын элесине арналган эскерүүлөр – Шабдан баатырдын кыргыз тарыхындагы барандуу ордун көрсөтөт. Шабдан баатыр кыргыз элинин биримдиги үчүн талыкпай күрөшкөн саясатчылардын бири болгон. Бишкек уездинин начальниги А.Талызиндин жазганына караганда, Шабдан баатыр дайыма “кыргыздар бир уядагы аарыдай чогулуп жашашы керек” деп айтчу экен.

1991-жылдын 6-апрелинде өткөн Кыргыз ССР КПнын Пленумунда Апсамат Масалиев Кыргыз ССР КПнын 1-секретардык кызматынан алынып, анын ордуна Жумгалбек Аманбаев шайланган. Ушул эле пленумдун чечими менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлангандыгына байланыштуу Медеткан Шеримкулов Кыргыз ССР КПнын БКнин секретардык кызматынан бошотулуп, партиялык бюродон чыгарылган.

Мындан туура бир жыл мурун Жогорку сотто “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун сот иши кайра карала баштады. Убагында Феликс Куловдун кызматын кыянаттык менен пайдаланылды деген сот жазасы Жогорку соттун өкүмүнө ылайык жокко чыгарылды.

1930-жылдын бу күнү СССрдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиум чечимине ылайык Советтер Союзунун жогорку сыйлыктары эсептелген – Ленин менен Кызыл Жылдыз ордендери чыгарылды. Ленин орденинин №1 – “Комсомольская правда” гезитине тапшырылса, ал эми Кызыл Жылдыз орденин биринчи болуп В.Блюхер алган.

1986-жылдын бу күнү Грециянын Афина шаарында биринчи Олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн. Олимпиадалык кыймылдын негиздөөчүсү Пьер де Кубертендин чакырыктарына ылайык, олимпиадалык оюндар тынчтык жана бейпилдик принциптерин ташыган.
XS
SM
MD
LG